«Чыгармачыл адам менен түтүн булатуу ары сыймыктуу, ары татаал, ары жоопкерчиликтүү. Алардын жашоосуна көнүп, дүйнөсүн түшүнө билген адам гана үй-бүлө очогун тутантып кете алат»,- дейт Гүланда.
– Саламатсызбы, Гүланда? Бала чоңойтуп, үй-бүлө түйшүгүн тартып жаткан убагыңыз эмеспи. Кызыңыз, уулуңуз канчага чыгып калды?
– Саламатчылык. Раяна, буюрса, август айында төрткө чыгат. Уулубуз Молдомуса бир жашта. Кызым атасынын жанынан чыкпайт. Айбек жумушка баратса, бутуна жабышып алып кетирбей, кыйкырып ыйлаган боюнча калат. Анан дүкөнгө алпарып таттуу сатып берип, араң алдайбыз. Учурда эмизгенгеби, балам мага жакын. Курсагы тойсо болду, момпоюп жанымда отура берет.
– Айбек мырза менен махабат оту тутанган күндөрдү эстей кетпейсизби?
– Ооба, Айбек экөөбүздү ыр дүйнөсү табыштырган. «Айбек байке» деп кайрылчумун да ага. Жубайы болуп калам деп эч ойлобоптурмун. Мырза катары мага кам көрүп, жакшы мамиле жасап, сүйүүсүн сөз менен да, ырлары аркылуу да билдирип жүрдү. Бирок мен катардагы эркектердин бири деп айткан сөздөрүнө ишенбей жүрдүм. Ошентип, беш жыл дегенде макулдугумду бергем.
– Үй-бүлөлүү мырзадан сунушту кандай кабыл алдыңыз?
– Мени сүйөрүн, сыйлаарын, өмүр бою бирге болорубузду айтып убада бергенде, сунушту кабыл албаска айлам жок болду. Анын үстүнө менде дагы ошол кезде Айбекке болгон жактыруу сезими бар эле. Албетте, анын мурунку турмуштарынын бузулганына кейип жүрдүм, ошол эле учурда туура түшүнгөнгө аракет кылдым. Адам деген робот эмес да, программанын чегинен чыкпай иш кылган. Жаңылат, жазат дегендей. Маңдайыма Айбек жазылыптыр, экөөбүз турмуш курдук.
– «Турмушка чыга элек кыз үй-бүлөлүү адамга тийип алды» деген сыяктуу сөздөр айтылары анык. Мындай кептерден кантип чыктыңыз?
– Турмушка чыга элек, бойдок кызда ажырашкан, балдары бар адамга турмушка чыгуу тууралуу ой болду дейсизби? Убагында аркамдан чуркап, баш кошуу сунушун киргизген жигиттер көп эле болчу. Ошолордун биринин бактысы болсом деле болмок да, чынында. Турмушка жаңы аттанып жатканда кооптонуу болбой койгон жок. «Маңдайыма ушул жазылды беле, мындан аркы жашоом кандай болор экен?..» деген ойлор курчап турду. «Буюрганын көрөрмүн, ушул адамга башымды байладымбы, ысык-суугун, жаман-жакшысын бирге көтөрүшүм керек» деп жакшылыкты гана ойлоп турмушка кадам таштадым.
– «Үй-бүлө курган соң сүйүү мурункудай ысык болбой калат» дегенге кошуласызбы?
– Бул сөзгө каршымын. Үй-бүлө курган соң сүйүү, тескерисинче, күч алат. Бири-бириңе жан тартып, кайгысын, кубанычын тең бөлүшөсүң. Кыз-жигит кезде кандай эркелеткен сөздөрдү айтсаң, үйлөнгөн соң эки эселеп эркелетип баштайсың. А балдарга болгон сүйүүнүн орду башка.
– Бизге бирөө «Айбек Карымовду абдан кыз жандуу деп угабыз. Эми Гүланда менен ажырашып, төртүнчү аял алат экен деп уктук. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар экенин билип бериңиздерчи?» деп кат жазган экен...
– Ий, дагы аял алган жатыптырбы?! Кудай сактасын андан. Эми төртүнчүсүн алса, кандай жашоо болот, билбейм. Айбек «Гүкү, Кудай сени маңдайыма жазбаганда кандай болот эле? Мен абдан ыраазымын. Кудай бизди кошту, эми экөөбүздүн бирөөбүздү алып кетпесе эле, ажырашпайбыз» деп бактылуу эле болуп жүргөнүн көрөм. Андыктан андай жолго барбайт деп жүз пайыз ишенем.
– Жолдошуңуздун мурунку турмуштарынын бузулганына эмне себеп деп ойлойсуз?
– Эмне себептен ажырашканына кызыкдар болуп, Айбектен сураган да эмесмин. Өттү-кетти ал иш. Жолдошумдун жашоосунун өткөн чагы мени кызыктырбайт. Чогуу жашабай калышты, демек, тил табыша алышкан жок. Муну менен Айбекти сүттөн ак деп ага болушуп жаткан жокмун. Күнөө бир эле кишиден кетпейт да. Ар бир адамдын жакшы-жаман жагы болот. Эң негизгиси, учурда ал мени менен жашайт. Сүйүктүү өмүрлүк жар, балдарынын камкор атасы. Бул үчүн мен өзүмдү да басынтпайм. Анткени атайын кылган жокмун. Учурунда Айбекке «эч качан мен үчүн үй-бүлөңдү таштаба!» десем, «жоок, мен баары бир жашай албайт окшойм» деген эле. Айбек менен ынтымактуу жашап жатканым – менин жеңишим.
– Экөөңүздөр тең эл көзүндөгү адамсыздар. Көрө албастык кылып ортого бүлүк салгысы келгендер болгонбу?
– «Айбек менен Гүланда урушуп, ажырашып кетишиптир» деген сыяктуу сөздөрдү чыгарып, биз жаңы үйлөнгөн кезде бактыбызга балта чапкысы келгендер кездешти. Мындай кептерди угуп, айласыздан күлүп тим болчубуз. Азыр эми бактылуу жашап жатканыбызды көрүп, андай ушак-айыңдар басаңдап калды.
– «Айбек Карымов Гүланданы кезиктиргенден бери жакшы кийинип, өзүн жакшы алып жүрүп калды» дешет...
– Ээ? Дешсе жакшы экен, ошондой эле болсун (күлүп). «Аял жакшы – эр жакшы» деген кеп бекеринен айтылган эмес да. Чынында, жолдошумдун кийими ар дайым өзүнө жарашыктуу, таза болушуна кам көрөм. Кийимди дагы өзүм тандап берем.
– Убагында Айбек байкенин апасы сиздердин бирге болушуңарга каршы болуп жүргөн. Андан бери мамилеңиздерди түздөдүңүздөрбү?
– Төрөгөн энеси менен жолдошум өзү деле катышпайт. Мен дагы тааныбайм. Анткени ал киши кайнатам менен ажырашып, Айбек кичинекей кезинде чоң энесине таштап кетиптир. Чоң энеси каза болгон соң кайнатамдын экинчи аялы чоңойтуптур. Мен ошол кишини кайненем деп билем, ага абдан ыраазымын.
– Өзүңүзгө сын көз менен карап, жакшы-жаман сапаттарыңызга баа берип турасызбы?
– Албетте. Өзүмдүн кемчилигимди сезе билем. Бирок бирөө мага кыйынсынып акыл айтып, жок жерден кемчилик таба турган болсо, андай сындарды кабыл албайм. Апам, бир туугандарым, жакын адамдарым менен гана кеңешем.
– Үй-бүлөдө түшүнбөстүк чыгышына ким көбүнчө себепкер болот?
– Бизде чынында урушуп-талашканга көп деле убакыт жок. Айбек эртең менен жумушка кетип, кечинде келет. Майда-барат уруштар болуп турат, жипке тизгендей жашаган ким бар экен? Мисалы, мен жумуш кылып жатканда «баланы карап турчу» десем, телевизорго алаксып бала жыгылып кетет. Анда мен «карап тур дебедим беле!» деп нааразы болом.
– Үй-бүлөлүк майрамдарды кандай белгилейсиздер?
– Экөөбүз тең чыгармачыл чөйрөдөн болгондуктан, майрам, туулган күн болбосо деле үйдөн конок үзүлбөйт. Жоро-жолдоштор келишет. Ак дасторкон үстүндө чайлашып, жылуу сөздөрдү сүйлөшүп отурабыз дегендей. Айбектин туулган күнү жайында. Андыктан көбүнчө жаратылыш коюнуна чыгабыз. Ал эми менин өздүк майрамым 8-мартка туш келген. Кош майрам болгондуктан, кафеде өткөрөм жыл сайын. А балдардыкын болсо үйдөн эле майрамдап коёбуз.
– Бала кезге көз чаптырып өтсөңүз...
– Ата-энемдин айтуусу боюнча, абдан жоош, таарынчаак кыз болчу экем. Бир жолу апам конокко ээрчитип барат. Кичинекей балдар менен ойноп жүрүп, бир маалда апама ыйлап келиптирмин. Чочуп кеткен апам «Гүкү, эмне болду, ким урду?» десе, «эч ким урган жок, эшиктеги ит мени жаман көзү менен карап жатпайбы» дептирмин. Ушул окуяны эстесем эле күлкүм келе берет. Ал эми мектепте жалаң «5ке» окуган активист болчумун.
– Сүйүктүү жар, эки баланын энеси болсоңуз да, сулуулугуңузга суктанып тийишип өткөн жигиттер четтен чыкса керек. Аларга кандай жооп кыласыз?
– Андайлар толтура. Кээ бири адамча «Гүланда, кандайсың?» деп ал-акыбал сурап учурашышат. Кээ бири жөнү жок тийишип өтүшөт. Андайлардан унчукпай эле кутулам.
– Маегиңизге рахмат. Бактыңыз бөксөрбөсүн.
– Сиздерге да рахмат.
Асел Асанова
star@super.kg