Үстүбүздөгү жылдын март айында Бишкек шаардык кеңешиндеги «республикачы» депутаттар мэр Иса Өмүркуловго ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүп чыгышкан. Анда эл өкүлдөрү шаар башчысын ары-бери калчап, акыры 3 айлык мөөнөт бермей болушкан.
Берилген убакыт да бүттү. Шаардык кеңештин депутаттарынын талабы менен «Тазалык» ишканасынын жетекчиси, вице-мэр кызматтарынан алынган. Адегенде Өмүркуловдун өзүнө кайрылып, «3 ай ичинде кандай иштерди аткарууга үлгүрдүңүз?» деп сураганыбызда: «Шаардагы сейил бактардын аймагында сатылып кеткен жерлерди кайтарып алып, мыйзамсыз жер саткандарды сотко бердик. Ал эми шаар четиндеги таштанды ыргытылуучу жайды жакын арада тазалайбыз. Ал үчүн атайын техникалар алынып келинмекчи»,- деди калаа башчысы.
Ооба, ишеним көрсөтпөө демилгеси «мыйзамсыз сатылган жерлер көбөйдү, таштандылар үйүлүп кетти» деген киненин айынан чыккан. Шаар жетекчиси бул кемчиликтерди жоюуга умтулуп жаткандай. Анткени таштандыны кайрадан иштеп чыгаруучу заводдун курулушун жандантуу максатында Лондонго болгон иш сапарында Иса Өмүркулов Европа Өнүктүрүү банкы менен насыя алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген. Анын жарымы гранттык, жарымы кредиттик негизде берилмекчи.
Шаар башчысы 2010-жылдын апрель айынан бери ушул жылдын июнь айына чейин аткарган жумуштары тууралуу 27-июнда шаардык кеңештин депутаттарына отчёт берип жатып быйылкы жылы 43 чакырым жол оңдоп-түзөлөрүн айтты. Ал дагы бир нааразылыкка жооп катары мектептерде жана бала бакчаларда тамактандыруунун абалын жакшыртуу үчүн жаңы программалар иштелип чыккандыгын кабарлады. Ошондой эле ал социалдык тамактандыруу уюмдарынын абалын жакшыртуу үчүн донорлорго гранттык жардам сурап кайрылган. Беш саатка созулган отчётту депутаттар соңунда кабыл алышты.
Мэрдин ишине ичи чыкпаган шаардык кеңештин айрым депутаттары 3 айдан кийинки жыйынтыкка деле ыраазы эмес. Алардын бири депутат Кубат Болотканов буларга токтолду: «Акыркы 3 жылдын ичинде эч кандай иш кылбаган мэр 3 ай ичинде эмнени кыйратып жибермек эле?! Жолдордун кебетесин көрүп жатасыздар, шаар таштандыга толуп кетти. Унааларды токтотуучу жайлардан түшкөн каражаттар көп, бирок алар кандайдыр бир себеп менен шаардын бюджетине түшпөй жатат. 2011-жылы көчөдөгү унаа токтотуучу жайлардан 16 миллион сом түшсө, 2012-жылы бул каражат 9 миллионду гана түзгөн. Ошондой эле 2012-жылы шаардык бюджетке 1 миллиард сомдук салыктар чогулбай калган».
Отчётко удаа эле Өмүркуловдун жубайы Толкун Курмановага байланыштуу чуулуу жаңылык тарады. Борбордук Америкадагы өлкөлөрдүн биринде каттоодон өткөн оффшордук аймактагы «Бишкек Парк» соода борборунун 25 пайыздык акциясы Өмүркуловдун аялына тиешелүү делген документтер жарыяланды. Анда айтылгандай, акциянын бөлүгү Толкун айымга 2013-жылдын 11-февралында катталган. Толкун Курманованын өзү менен байланыша албасак да, мэр Иса Өмүркулов: «Мен да, аялым да «Бишкек Парктын» 1 пайыз дагы акциясына ээ эмеспиз. Бул атайын уюштурулуп жасалган иш»,- деп билдирүү жасады.
Бул аптада ЖКнын депутаттары жайкы эс алууга тарай электе Ош жана Бишкек шаарларынын статусу жөнүндөгү мыйзамды да карап чыгышты. Айрымдары «күзгө калтыралы, эс алып келип карайлы» дешсе, кай бирлери «эртелетели, Ош шаарынын мэри эски мыйзам менен иштеп жатат, ал да ары же бери кылып бергиле деп жатат» деп айтышты. Бир топ талаш-тартыштан кийин депутаттар бул мыйзамды кабыл алышты. Бул мыйзамда аталган эки шаардын мэрин кызматтан алуунун он механизми каралган.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg