Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин отуруму 26-июнда болуп өттү. Ага катышууга келген Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгуну өлкө башчы Алмазбек Атамбаев кабыл алды. Жолугушууда орус министри акыркы жарым жылдын ичинде бул экинчи жолугушуу экенин айтты. «Бул жагдай биздин мамлекет башчыларыбыздын, өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин ортосундагы тыгыз мамиле түзүлгөнүн дагы бир ирет тастыктайт»,- деди ал. Өз кезегинде мамлекет башчы «Орусия менен аскер багытындагы кызматташтыгыбыз абдан жемиштүү болот деген үмүттөмүн» деп баса белгиледи.
Сергей Шойгу кызматташуунун алкагында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн колдоо программасы каралып, 2014-жылдан баштап Кыргызстанга аскер техникасын жеткирүү болжолдонуп жатканын маалымдады.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу мындан аркы аскер-техникалык кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg