Башкы прокуратура «Ата Журттун» үч депутатын актоо боюнча Бишкек шаардык сотунун өкүмүндө күмөн жараткан айрым жагдайлар бар» деген өңүттө билдирүү таратты. Ошондой эле шаардык сот өкүм чыгарган жыйындын протоколун али күнчө прокурорлорго көрсөтө электиги мыйзам бузуу экени айтылат. Мамлекеттик айыптоочулар бул документти беш күн аралыгында колго ала албай калышып, Бишкек шаардык соттун чечимине карата Жогорку Сотко апелляциялык арыз жаза албай калгандыктарын айтышты.
Башкы көзөмөл органынын баамында, сот чечимди басым көрсөтүүнүн негизинде чыгарган. «Өкүм угузуу 24-июнга, бир аптага калтырылат дегенде соттолуучулардын тарапташтары судьяларды желим бөтөлкөлөр жана бут кийимдер менен ургулай башташты. Сыртта турган эл сот короосун курчап турган тосмону бузуп киришти. Мунун өзү депутаттардын колдоочулары тарабынан аларга басым болушу мүмкүн экендигин далилдейт»,- деп айтылат билдирүүдө. Ал эми Жогорку Сот Бишкек шаардык сот өкүм чыгарган күнү протоколду мамлекеттик айыптоочуларга көрсөткөнүн айтып чыкты.
Алгач Биринчи Май райондук соту депутаттар К.Ташиев, С.Жапаров жана Т.Мамытовду 1-1,5 жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарган болчу. Бирок 17-июнда шаардык сот бул өкүмдү жокко чыгарып, депутаттарды актоо менен аларды сот залынан бошоткон.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg