«СУПЕРДИН СУЛУУСУ» СЫНАГЫ КАЙРАДАН СТАРТТА!

“Супер-Инфо” окурмандарын ар түрдүү тамашалары, оюн, сынактары менен кубандырып келет. Алардын айрымдары жакшы салтка да айланган. Алсак, “Супердин сулуусу” сынагы. Табият ченебей берген сулуулугуна, келбетине, жылдыздуулугуна ишенген сулуулар бул сынакка катышып, жеңүүчү табияты кооз өлкөлөргө барып, эс алып келүүдө.

«Супердин сулуусу-1» сынагынын жеңүүчүсү Айгерим чындыгында ийгилик коштогон кыз экен. Анткени орто мектепти аяктап, жаңыдан паспорт алып, жашоодон жакшы жаңылыктарды күтүп, жүрөгү элеп-желеп болуп турган кези болчу. Анан эле сынактан жеңип чыгып, Антальяга 7 күн эс алып келүүгө жолдомо алды. Ошол 7 күн ага керемет түш сыяктуу сезилип жаткандыгын бизге айткан болчу. Ал сулуунун кандай жаңылыктары бар? Кайрылып көрөлү.

– Салам, Айгерим, сулуулар сынагынан жеңип чыкканыңды “алгачкы чоң ийгилигим болду” деп кубанган элең, андан бери эмне жаңылыктар болду?
– Кыргыз улуттук университетинин Эл аралык байланыштар факультетине тапшырып, 1-курсту аяктадым. Негизги эле жаңылыгым ушул.
– Андан бери чет жерге чык­тыңбы?
– Азырынча чыга элекмин. Кытайга барсам деп жүргөн кезим. Бир тааныштар чакырып жатышкан. Азыр айдоочулук курста окуп жаткандыктан, бошой алган жокмун.
– Анталья эмнеси менен өзгөчө эсиңде калды?
– Аквапарк өзгөчө эсимде калды. Биздин Кыргызстан океан, деңиз дегендерден алыс эмеспи. Кит, дельфин, акула сыяктуу жандыктарды теледен, сүрөттөн гана көрөбүз да. Ошондуктан болсо керек, аквапарктагы музыка угуп, кадимкидей бийлеген дельфиндер эсимде калды. Анан да ачык деңизде сүзгөнүмдү такыр унутпайм. Албетте, баллон менен дечи, ошентсе да терең деңизде сүзгөн өзүнчө эле ырахат экен.

«Супердин сулуусу-2» сынагынын жеңүүчүсү Чинара менен биз интернет аркылуу байланышууга аргасыз болдук. Анткени бул сулуу учурда Түркияда экен. Эсиңиздерде болсо, бул кыз менен финалда Жибек аттуу сулуу ат салышкан эле. Атүгүл экөөнүн топтогон добушу тең чыгып, кошумча добуш берүүнү жарыялоого туура келген. Андыктан Чинарага “чү” деген жерден эле ошол сынак тууралуу суроону узаттык.

– Чинара, эгер өзүң добуш бе­ри­шиң керек болсо, финалга чыккан кайсы сулууну колдоор элең?
– Кыйын суроо болду го. Экинчи турга өткөн кыздарды бир жолу гана көрдүм. Анын үстүнө, “кандай жыйын­тык болот?” деген ойго алдырып, ал кезде кенен таанышып, сүйлөшүүгө чамабыз келген эмес. Ошондуктан бул сурооңузга жооп бере албайт кө­рүнөм.
– Жеңиштин бакыт кушу сага туш келип, кыш чилдеде Малайзияга барып, 10 күн эс алып келдиң. Айтчы, Малайзиянын жигиттери жактыбы?
– Биринчи орун үчүн чынын айтсам, Жибек экөөбүздүн ортобузда айыгышкан күрөш болду. Кошумча добуш берүү токтотулар түнү мен эле эмес, жакындарым, досторум да уктабай, сынактын жыйынтыгын күттүк. Ошондуктан болсо керек, жеңүүчү болгонума Куала-Лумпурга барып түшкүчө ишене албай жаттым. Малайзияга барарым үч уктасам да түшүмө кирген эмес. Ызгаардуу кыштан бир канча сааттын ичинде 35 градус ысыкка барып калсаң, тимеле жомокко кирип кеткендей болот экенсиң. Андыктан учурдан пайдаланып, “Супер-Инфого” ыраазычылык билдирип кетким келет.
Ал эми Малайзиянын жигиттерине келсек, бир аз өңдөрү кара тору болгону гана болбосо, биздин жигиттерге түспөлдөшүп кетет. Бирок абдан сулуу келишет экен. Шаар эли эле эмес, аралдагы элдин арасынан да тимеле көз күйдүргөн сулуу жигиттерди көрдүк.
– Эс алып жүрүп өзгөчө окуяларга туш болгон жоксуңбу?
– 10 күн ичинде далай эле кызыктарга туш болдук. Бирок баарынан кызыгы аэропортто, жаңыдан Куала-Лумпурга түшкөн кезибизде болду. Алдын-ала сүйлөшүлгөндөй, бизди аэропорттон атыбызды баракчага жазып алган гид тосуп алмак. Ысымдар жазылган баракча көтөргөндөр толтура экен, ары-бери басып карап, биздин ысым жазылган баракчаны таппай койдук. Алгач шашып-бушуп аттарды окусак, аягында кадимкидей алактап калдык. Себеби кайсы отелге токтойбуз, кайсы жол менен барарыбызды эч кимибиз билбейт болчубуз. Атүгүл ошол жерден Бишкекке, силердин редакцияңарга да чалып жибердик. Өзүбүзчө ызы-чуу түшүп алганбыз. Акыры чарчап, курсагыбыз ачып, тамактанып алмакчы болуп отуруп калдык. Ошол учурда бизге аэропорттун кызматкерлеринин бири басып келип, “бир киши артыңардан калбай силерди видеокамерага тартып жатат” деп калды. Үчөөбүз тең кайрыла калып, Кылыч байкени көрдүк. Ал чын эле жылмайып күлүп, бизди тартып жаткан экен. Көрсө, байке мурунку рейсте келип, бизди күтүп жаткан тура. Аны көрүп тимеле атабызды көргөндөй сүйүнүп алдык. Айтор, ошол Малайзияда да “Тамаша торго” түштүк.
– Малайзия эмнеси менен эсиңде калды? Туристтерди тейлөө жагынанбы же кооз табияты мененби?
– Малайзия көбүнчө экзо­ти­калуу аралдары, дайыма жылмайып күлүп турган эли менен эсимде калды окшойт. Анан да пальмалар, Инд океанынын туздуу суусу көпкө чейин тү­шү­мө кирип жүрдү.
– Жайкы эс алууга чык­тыңбы? Түркиядамын дедиң, ал жакта эмне иш менен алек­сиң?
– Туризм академиясында акыркы курста окуйм. Антальядагы туристтик компаниялардын биринде практикадан өтүүгө мүмкүнчүлүк түзү­лүп калып келгенмин. Түр­кияда туризм абдан жакшы өнүккөн эмеспи. Ошондуктан ушундай сонун мүм­күн­чүлүк тү­зүлгө­нүнө кубанып жү­рөм.
– Сынактын кийинки катышуучуларына кандай кеңеш берер элең?
– Орусча айтып койбоймунбу,
ни пуха, ни пера!!!!

Шаиста Шатманова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 351, 24-30-июль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан