ЖКнын депутаты Туратбек Мадылбековдун уулу Элдар Мадылбековду Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Абдыразак Боромбаев 9 жылга кести. «Кезегинде Максим Бакиев басып алган Киев көчөсү, №74-дарегиндеги бала бакчаны Апрель окуясынан кийин Элдар Мадылбеков жасалма документтер менен өзүнө менчиктештирип алган» деп айыпталган эле.
ЖКнын депутаты Туратбек Мадылбеков бул иш өзүнүн саясий ишмердүүлүгүнө байланыштуу гана чыгарылганын, мындан ары жактоочу шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрыларын кошумчалады.
Окуяларды улай дагы бир депутат Райкан Төлөгөновдун уулу Муса Төлөгөнов мыйзамсыз курал алып жүргөндүгү үчүн өткөн аптада кармалган болчу. Апта башында Бишкектеги жаңы конуштардын бириндеги үйдөн Жаныш Бакиевге тиешелүү буюмдар табылганын тергөө тобунун башчысынын орун басары Памир Асанов билдирди. Ал: «Үйдүн ээси буюмдарды М.Төлөгөнов алып келгенин айтты. Ошондой эле анын жанынан табылган курал Жаныш Бакиевдин уулуна караштуу кеңсени кайтарган Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерине тиешелүү болуп чыкты»,- деди.
Гүлмайрам Сабырбекова