СОТТОРДУН АЙЛЫК АКЫСЫ ЖОГОРУЛАЙТ...

  • 1-октябрдан баштап Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашеванын айлык акысы премьер-министрдин маянасына теңелет. Андан сырткары облустук соттун судьялары 40 МИҢ СОМ, райондук соттун судьялары 38 миң сом маяна алып баштайт.
  • Быйыл абитуриенттер ЖОЖдун БЮДЖЕТТИК ОРУНУНА өтүү үчүн негизги тесттен 110, предметтик тесттен 60 баллдан жогору алышы керектигин Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
  • Каржы министри Ольга Лаврова Дүйнөлүк банк Кыргызстандын бюджетин колдоо үчүн 25 МИЛЛИОН ДОЛЛАР бөлөрүн айтты.
  • 2012-жылдын соңуна алынган маалыматка ылайык, өлкөдө пенсия алгандардын саны 613 миңге жетип, акыркы 5 жыл ичинде пенсионерлердин саны 42 МИҢ кишиге өскөн.
  • Өткөн жылы өлкө боюнча 29 миң кылмыш катталып, анын 62 ПАЙЫЗЫНЫН бети ачылган.
  • Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, былтыр 2011-жылга салыштырмалуу ЖАКЫРЧЫЛЫК Чүй, Талас, Нарын облустарында төмөндөп, Жалал-Абад менен Ош дубандарында өскөн.
  • 2013-жылы Баткен облусундагы мамлекеттик чек араларды жабдууга, электр зым карагайларын орнотууга, фельдшердик-акушердик пункттарды жана чек ара бекеттерин курууга 144 МИЛЛИОН СОМ каралган. Жыл башынан бери анын 40 миллион сому бөлүнүп берилди.
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 17-18-июнь күндөрү өлкөнүн түндүгүндө күтүүсүз жааган кардан улам жарандар 17 МИЛЛИОН сомдук чыгымга учурады.
  • «Ата Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин жардамчысы, «7-каналдын» коммерциялык директору АПСАМАТ ПАЯЗОВ Сузак райондук прокуратуранын санкциясы менен «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» делип камакка алынды.
  • Жогорку Кеңеш «КУМТӨР» боюнча келишимди денонсациялоо маселесин сентябрь айында карамай болду.
  • ЭМИЛБЕК КАПТАГАЕВ өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
  • Кыргызстанда былтыр расмий түрдө 9800 баңгизатка көз каранды жарандар катталган.
  • «Ата Журт» партиясынын лидери болуп кайрадан депутат САДЫР ЖАПАРОВ дайындалды.
  • Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев 3 ФАЗАЛУУ электр энергиясын колдонуучуларга карата тариф көтөрүлүшү мүмкүн экендигин айтты.
  • Президент Алмазбек Атамбаев «Манас» аба майданындагы АКШнын Транзиттик жүк ташуу борбору боюнча макулдашууну ДЕНОНСАЦИЯЛОО жөнүндөгү мыйзамга кол койду.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
sadykbek
2013-07-02 15:03:50
жендер жеп калгыла. Озунорго озунор АйЛЫК жазгыла.
0
Kg.lady
2013-07-02 20:48:30
Жанагы камала турган ууру-кескилер акча берип боштондукта журушот,депутаттардын балдары кылмыш жасап пара берип эркиндикте журушот.Ошолордон алган акчаларды жакшылап аш кылып алышса болмок,мамлекетти сулуктой соруп агада тойбой баратышатго,чиркин бир кун келип тарс этип жарылып калышпаса болду....
0
Asul
2013-07-02 22:30:15
Булардын курсактары безразмерный, кекиртектери ажыдаардыкындай. Озго дегенде оло-сала жаны бар, озумо дегенде буурадай кара кучу бар. Анан кесмелерден иле беришет, иле беришет, иле беришет.
0
№ 556, 28-июнь-04-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан