Көп убакыттан бери Жогорку Кеңеште Бишкек шаарындагы Свердлов районуна Чыңгыз Айтматовдун, Биринчи Май районуна Исхак Раззаковдун ысымын ыйгаруу тууралуу маселе көтөрүлүп келет. Муну «Ар-намыс» фракциясынын депутаты Абдырахман Маматалиев сунуштоодо. Абдырахман мырзанын айтымында, райондордун аталышын тарыхый инсандардын ысымына алмаштыруу боюнча калк арасында сурамжылоо жүргүзгөндө Бишкек шаарынын тургундарынын көбү макул болушкан.
Ал эми фракциялашы Дастан Бекешевге райондордун аталышын өзгөртүү анчейин жага бербеди. «Мен Бишкектин тургуну катары шаардыктардын каалоосун жакшы билем. Тарыхый инсандардын ысымын музейге же сейил бактарга берүүгө болот. Же өзүңүздүн жериңизге коюп алыңыз. Менин айтайын дегеним, жер аталыштарын алмаштырууну качан токтотобуз? Андан жашоо оңолбойт. Алдыга жылуу үчүн жаңычылдык жаратуу керек. Бишкекти Нарын деп атап койсок деле абалыбыз жакшырып кетпейт»,- деди ал. Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун айтымында, бир райондун аталышын алмаштырууга 120 миллион сом керектелет. Ошентип Свердлов районуна Чыңгыз Айтматовдун, Биринчи Май районуна Исхак Раззаковдун ысымын ыйгаруу тууралуу мыйзам депутаттар тарабынан кабыл алынды.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg