Акыйкатчы институтунун басма сөз катчысы Мирбек Найзабеков 25-июнда Турсунбек Акун Баткен облусунда иш сапары менен жүргөн учурда кан басымы төмөндөп кеткенин маалымдады. «Биз Кадамжай районундагы чек арада чыккан чырдын чоо-жайын билүү үчүн келгенбиз. Ошол жактан акыйкатчы өзүн жаман сезип калды»,- деген ал.
Турсунбек Акундун капыстан ооруканага жатып калуусун депутаттар «бизден качып жаткандыгы» деп сындашты. Бирок ал 27-июнь күнү «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин бошотулушуна катыштыгы бар же жок экенин иликтей турган комиссиянын жыйынына катышуу үчүн парламентке келди. Гезит басууга кетердин алдында акыйкатчы Турсунбек Акунду мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси каралып жаткан болчу.
Гүлмайрам Сабырбекова