Өмүрбек Текебаев, ЖКнын депутаты:«СҮТКОРЛУК МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ ЭЛДИ ТОНООДОН САКТАЙТ»

Өткөн аптада Жогорку Кеңеш депутат Өмүрбек Текебаев демилгелеп чыккан «Сүткорлук ишмердүүлүгүн чектөө жөнүндө» мыйзам долбоорун үч окууда жактырды. Бул документтин талкуусу карапайым калк ичи, ак жакалуу банкирлер арасы, чоң жана чакан бизнес өкүлдөрү, интернет чөйрөсү, деги койчу, түрдүү жерде кызуу уланып отурду. Мыйзам долбоорунун төркүнүнө келсек, сиздин да эсиңизде чыгар, өткөн жылы кредиттик мекемелерден алган карызын убагында төлөй албай калып үй-жайын алдырып жибергендердин нааразылык акциялары жаздан тарта кышка чейин созулган эле.
Адегенде Өмүрбек мырзанын пикирин угуу үчүн маекке тарттык.

– Өмүрбек Чиркешович, сүткорлукка тыюу салуу боюнча мыйзам долбооруңуз микрокредиттик уюмдар тарабынан сынга алынды. Ага Улуттук банктын башчысынын орун басары да каршы чыкты. Алардын айтымында, мындай тыюу салуулар өлкө экономикасына доо кетирет, инвестицияларды азайтат. Чындап эле ушундайбы?
– Андай эмес. Биринчиден, мыйзам долбоору эч кандай тыюу салбайт, пайыздык үстөктөрдү гана чектейт.
Экинчиден, сүткорлукту чектөөдөн өлкө экономикасынын өнүгүшүнө доо кетпейт. Эң жөнөкөй себеби, сүткорлук насыя өз маңызында өндүрүштүк болуп саналбайт. Айыл чарбалык да, индустриалдык өндүрүш да сүткорлордун бийик пайыздарын төлөй албайт. Сүткорлордун кардарлары – тажрыйбасыз, жаңы иш баштап жаткан ишкерлер же жашоо шарттарынан улам туңгуюк абалга кептелгендер.
Үчүнчүдөн, мыйзам долбоору карыздарлардан насыяларды кайтарып алууга тыюу салбайт. Ал мамлекет сот аркылуу мыйзамдуу деп тааныган пайыздык үстөктүн жогорку чегин коёт. Кандай болгондо да ал насыя берүүчүнү банкроттукка алып келбейт. Бирок сот тажрыйбалуу сүткорго тажрыйбасыз кардардын бүт мүлкүн, эгер ал анык карызынан он эсе жогору болсо, арзыбаган баага баалап, тартып алууга көмөкчү болбойт.
Мыйзам долбоору мамлекетти жарандарды тоноого катышуудан сактайт.

– Кандай гана чектөө болбосун, ыксыз келет эмеспи. Рынок өзүн-өзү жөнгө салып, акырындап пайыздык үстөктөрдү теңдейт. Балким, убакыт керектир, анан мыйзам долбооруңуздун зарылдыгы жок болуп калар...
– Алар 1990-жылдардын башындагы жаттап бүткөн сөздөрүн кайталоодо, ал мезгилде постсоветтик мамлекеттерде рынок механизмдерин ойлонбостон идеалдаштыруу жүргөн. Ал кезде экономиканы өстүрүү үчүн баарын сатып, андан башка эч нерсе кылуунун кереги жоктугуна бизди ынандырышкан. Ал эми турмуш баары андай жөнөкөй эмес экенин көрсөттү. Өз кирешесинин артынан түшкөн радикалдуу либерализм өз аракеттеринин социалдык натыйжаларын унуткарат.
Финансылык кызматтар эркин рыногу 1990-жылдардан бери иштеп келет. Эмнеге ушул мезгил аралыгында ал пайыздык үстөктөрдү теңдеген жок? Ал тургай лицензияланган уюмдарда да пайыздар 14 пайыздан 276 пайызга чейин өзгөрөт! Лицензиясыз иш алпарган сүткорлорду айтпай эле коёюн, аларда 1000 пайызга чейин чыгат жылдык пайыздык үстөктөр!
Заир Чокоев 15 жыл Улуттук банктын жетекчилигинде иштеп келип, анын саясатын түптөөгө катышкан. Эгер ал жана башка жетекчилер өздөрүнүн милдеттерин мыкты аткарышып, бул сектордогу кырдаалды ушул абалга жеткиришпегенде, бул мыйзам долбоорун жазуунун зарылдыгы чыкмак эмес.

– Оппоненттериңиз сиздин каржы тармагында адис эмес жана финансы рыногундагы мыйзамдарды түшүнбөстүгүңүздү айтышууда...
– Алар амалданып, болбогон кепти айтышат. Физик катары эң жөнөкөй мисалды, 6-класста окула турган термодинамиканы алалы. Жабык бөлмөнүн бурчунда меш жагылса, алгач анын өзү жана айланасы гана жылыйт. Аздан соң бүтүндөй бөлмө жылый баштайт. Эркин аба алмашуу бөлмөдөгү температураны теңдейт.
Эми финансылык кызматтар рыногу 20 жылдан бери эмнеликтен пайыздык үстөктөрдү тегиздебей келерин ойлонгулачы?.. Эмнеге бир адам насыяны 14 пайыз менен, а башкасы 276 пайыз менен алат? Пайда табууга ылайык болгон айырмачылыкты жасалма түрдө кармоо кимге ыңгайлуу?
Башка бир мисал. Бир райондо картошканын баасы килосуна 14 сом, коңшу райондо 276 сом. Бул нонсенс! Эркин рынок шартында бул мүмкүн эмес. Баалардын термелиши 5-10 пайыздан ашпайт.

– Пайыздык үстөктөрдү рыноктук өз алдынча жөнгө салуудан баш тартууну сунуштап турасызбы?
– Рыноктук жана мыйзамдык жөнгө салууну айкалыштырууну сунуштап жатабыз.

– Бул кандай ишке ашат?
– Айрым өлкөлөрдө пайыздык үстөктөрдүн жогорку чегин мыйзам чыгаруучулар түз бекитет. 30, 40 же 50 пайыз. Эч кандай өйдө-ылдыйга жол берилбейт. Биз башка жолу менен кеттик. Насыялардын орточо пайызына 15 пайызды кошуп жатабыз. Маселен, насыялардын азыркы орточо пайызы 25 пайызды түзсө, жогорку пайыз 40 пайызды түзөт. Эгер орточо пайыз 30ду түзсө, анда эң жогоркусу 45 пайыз.

– Долбоор финансылык активдүүлүктү аксатпайбы?
– Эч убакта андай болбойт. Биз анын инвесторлор үчүн көркөмдүүлүгүнөн ажыратып жаткан жерибиз жок. Финансылык рынокко биздин мыйзам долбоор кең коридор жасап берет.

– Өмүрбек Чиркешович, Улуттук банк башчысынын орун басары З.Чокоев менен болгон кайым айтышуу көбүн кызыктырат. Ага өз дооматтарыңызды жай айтсаңыз болбойт беле?
– Албетте, болмок. Бирок айрым учурда биздин чиновниктер өз жүрүм-туруму менен абалды нервдин чыңалышына чейин алпарат. Жакырданган зайым (заём) алуучулар Жогорку Кеңешке келерден мурун Улуттук банкка барышкан, Заир Чокоев аларды кабыл алган. Өз бийлигине таянуу менен аларга орой сүйлөп, кабинетинен кубалап чыккан. Ал кишинин дарегине аябагандай көп таарыныч, дооматтарды уктум, анын сүткорлордун кызыкчылыгын мындай коргошу чындап мени кыжырдантты.
Улуттук банктын өкүлдөрү парламентте өз пикирлерин эмес, Улуттук банктын позициясын билдирүүгө тийиш. Эгер ал позиция негизделбеген, жоопкерчиликсиз, залалдуу болсо, ал үчүн жооп берүүлөрү керек.

– Демек, сиз дале пайыздык үстөктөрдү мыйзам менен чектөө зарылдыгы бар деген ишенимдесизби?
– Ооба. Тоноочу, тушаган пайыздык үстөктөр жана ага байланышкан карыздар социалдык толкундоолорду, төңкөрүш, согуштарды чакырышы ыктымал.
Тарыхта карызга жарандар гана эмес, бүтүндөй мамлекеттер белчесинен баткан учурлар бар. Германияда 1930-жылдары кичи ишкерлердин массалык жакырдануусунан, жумушсуздук жана насыялар боюнча бийик пайыздык үстөктөрдөн улам чыккан элдик нааразылыктардын толкуну менен бийликке Адольф Гитлер келген. Натыйжасы – Экинчи дүйнөлүк согуш.
Бир караганда насыя-каржы саясаты коопсуздай сезилет. Мамлекет бул тармактагы абалды дал ушул коопсуздук үчүн деле агымга таштап койбоого тийиш. Катаклизмдердин кесепеттерин жойгондон көрө алардын алдын алуу алда канча жеңил.

ДҮЙНӨДӨ СҮТКОРЛОРДУН ИШИ ЧЕКТЕЛГЕНБИ?
Учурда өнүгүп келе жаткан 40 өлкөдө пайыздык үстөктөр боюнча ар кандай чектөөлөр киргизилген. Сүткорлордун ишмердүүлүгүн чектегендер: Армения, Боливия, Бразилия, Чили, Колумбия, Эквадор, Гватемала, Гондурас, Индия, Никарагуа, Уругвай, Венесуэла. Кредиттин пайыздык үстөгүнө текшерүү киргизгендер: Алжир, Багама аралдары, Кытай, Ливия, Марокко, Мьянма, Парагвай, Сирия, Тунис, Борбордук жана Батыш Африканын өлкөлөрү, Бразилия, Эфиопия, Индия, Лаос, Пакистан, Вьетнам.
Эгерде кайсы өлкө канча пайыздык үстөгү менен төлөйт жана микрофинансылык тармактагы эң жогорку чек кандайча коюлган дегенге келсек, жылдык эсеп менен алганда Швейцария (15), Бангладеш (29), Никарагуа (30), Боливия (22), Индонезия (28-63), Камбоджа (45), Непал (18-24), Индия
(20-40). Коңшу Казакстанда да кредиттин пайыздык үстөгүнө 51 пайыздык чектөө киргизген.

Депутат Өмүрбек Текебаевдин демилгеси күчүнө кирсе, беш манжасын матырып алган сүткорлордун тизгинин тартууга жол ачмак. «Ата Мекендин» лидери бүгүн акчалуулардын каарына калганы чын, анткен менен жок дегенде жарым миллиондон ашуун жарандын сообуна калары бышык. Дал ошончо адам микрофинансылык уюмдардан насыя алат. Анын ичинен өтө жогору коюлган пайыздык үстөктөрдүн кесепетинен турак жайынан айрылып, үй-бүлөлөрдүн ынтымагына доо кетүү менен ажырашуулар көбөйүп, карызын төлөө үчүн бөйрөгүн да сатууга макул болгондор, эч бир баага теңи жок өз жанына кол салып жаткан мекендештерибиздин саны да бир топ.     
Былтыр мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев «2014-жылга карай насыялардын пайыздык үстөгүн 1,5 эсеге ылдыйлатуу керек» десе, ага чейин экс-президент Роза Отунбаева «сүткорлук – Кыргызстандагы микрофинансылык уюмдардын ишинин маңызына айлангандай сезилет» деп айткан.
Эгерде кредит берүүнүн түпкү максаты жана урааны жарандардын бакубаттуулугун жогорулатуу экени чын болсо, анда карыз болгондун терисинен өйдө сыйрып алуунун ордуна кредиттик рыноктун жөнгө салынышына коомчулук өзү жардамчы болушу шарттыр.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
PROS
2013-07-01 09:52:15
Жакшы болот эле, бирок, депутаттардан колдоо табаар бекен?
0
ХАНЗАДА
2013-07-01 12:50:57
Ушул мыйзам ишке ашса, карапайым калк учун жакшы болмок. Кимден сураба кредитим бар эле деген заманга тушуктук. Керек учурда, коздон учканда канча устогуно деле карбай алып жатышпайбы. Анан айла жок, чет жерге тентимей, үй-жайдан айрылмай, аны да берип буткон сон оз омуруно кол салмай.
+5
SHATY
2013-07-01 21:58:24
Биздин Улуттук Банктын системасы ото туура эмес! Омурбек Черкешович, мен сиз жургузгон саясатынызды, ишинизди колдоп келем.
0
dinka.vip777
2013-07-02 00:20:38
Биздин Улуттук Банктын жугузгон саясаты системасы туура эмес бул мыйзамдын ишке ашышына козум жетбейт.
+3
Asul
2013-07-02 22:34:13
Кудай деп тура туралы. Умутсуз шайтан дейт, анан шайтанга окшобой умутубузду узбой туралы. Аллахым бир жакшылыгын берээр! Анткени ал Улук, Улуу Зат.
0
kardaza76
2013-07-02 22:46:20
АЛЛАХ ыраазы болсун,Омурбек мырза.Бул чыныгы карапайым элди ойлогон,мыйзам деп эсептейм.Пайгамбарыбыз С.А.Вдын суткорлука жол бербегиле деген акыркы созу болгон.
+3
gutler
2013-07-04 20:29:22
Кыргызстанда эле эмес,Россиядада орустардын созу эле кредит. Карысыда,жашыда кредитке баш ийип калган,кредитти аларга,биздегидей кыйнап документ топтотуп эки ай суйробой,2-3 кундо эле берет.
0
№ 556, 28-июнь-04-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан