Өткөн сандарыбызда Турсунбай Бакир уулу 18 жаштагы актриса Нуриза Бурхановага үйлөнгөнүн жазган элек. Ошондо ажынын жаш жубайы Нуриза тарбияланган «Туңгуч» театрынын жетекчиси Жамал Сейдакматовадан окуучусу тууралуу сураганыбызда «Нуриза боюмда бар деп айтты» деген эле. Ал сөздүн чындыгы бар көрүнөт. Анткени «жаш жубайы Турсунбай Бакир уулуна кыз төрөп бериптир» деген кеп уу-дуу болуп турган чак. Жагымдуу кабары менен куттуктап эл өкүлүнө байланышканыбызда «үй-бүлөм бул – менин коргонум, андыктан баары сыр» деп жооп берди. Эне болуу башкача ыйык сезим белем, актриса кубанычын коюнуна ката албаптыр. Интернеттеги өздүк баракчасына «кызым, мен сенсиз кантип жашап жүрдүм экен?» деп жазып, жаңылыгын айтып койду.