«До+Фа» музыкалык комедиясы пираттык дисктерге тарап кеткенин угуп, тасманын режиссёру Эрнест Абдыжапаровго байланыштык. Ал «менин оюмча, кино уурдалбаса деле керек, продюсерлер өздөрү таратып жиберген болушу мүмкүн» деген жообун берди. Фильмдин продюсери Эрнест Уметалиев болсо «тасманын пираттык дисктерге тараганын бир жума мурун билдим. «Дордой», «Ош базарга» барып диск сатып жаткандарды кармап да көрдүк, бирок болбойт экен. Фильм өзүн-өзү сатыкта актай элек болчу. Өкүнгөндө эмне, ушундай окуя болуп кетти. Бул эмгек эми элге чоң белек болуп калды деп ойлойм»,- дейт.
Пираттарга тараганча эле тасманын продюсери менен режиссёрунун ортосунда пикир келишпестиктер болуп жатканын уккан жайыбыз бар. Эсиңиздерде болсо, «Президент жана бомж» тасмасы да продюсери менен режиссёру араздашып жаткан учурда пираттык дисктерге тарап кеткен эле. Сыягы, продюсер менен режиссёрлордун чырын, сырын билген бир пират бар окшойт.