Акыркы учурда операторлук кесипти аркалап калган «тамашоучу» жигит Зияш режиссёр Адилет Акматовдун комедиялык тасмасында роль аткарууга киришти. Болгондо да өзү көп туураган Брюс Линин ролун. Эске салсак, Зияш Брюс Ли тууралуу тамашаларды катыра аткарып, анын капитандыгы астындагы «KG 77» командасы дайыма эл эсинде калган, өзгөчө күлкү тартуулап келишкен. Эми актёрлук кесипти да майын чыгара аткарат деп ишенели.