ИЛЬЯЗ АНДАШ

Азыр ырчы жигиттер көп. Ошого жараша алардын күйөрмандары да көп. Бул ирет Ильяз Андаш бизге күйөрмандары тарабынан берилген куржундагы каттары менен кошо сандыктагы сырларын ачып берди.

“Өзүм да фанат болгом”

– Мен алгач күйөрмандар жөнүндө кеп салгандан мурда, өзүм да күйөрман экенимди айтайын. Мектепте окуп жүргөндө “Элес” тобунун ырларын жата калып укчумун. Бир жолу Караколго концерт коюп келип калышты. Үйдөн акча сурабай эле чыгып алгам. Клубга эл жык-жыйма толгон. Ооз жагында билет текшерип турган эжеден “эже, киргизип жибериңизчи, кенедей эле баламын го” десем, “жок, ай, тимеле мунун кыйындыгын” деп болбоду. Ыр жаңырган сайын чыдабай барам. Анан жерге отура калдым да тиги эженин алаасынан өтүп, концертке кирип кеттим. Кудай жалгап, тигил эже көрбөй калды. Ошондо 2 саатка созулган концерт көз ачып-жумгуча бүтүп калгандай сезилди.

“Каттын узунуна эмес, мазмунуна таң калдым”

– Таласка концерт коюп баргам. Кон­церт­тин аягында татынакай бир кыз келип, гүл менен кошо узун кат карматты. Атын араң сурап үлгүрдүм. Үйгө келип карасам, узундугу 12 метр экен. Каттын ичине 12 тилде бадырайта жазылган “мен сени сүйөм” деген жазуу жана ошол эле тилдерде жазылган сүйүү ырлары бар экен. Бир жагынан ошондой күйөрманым бар экенине сүйүнсөм, бир жагынан каттын узундугуна эмес, мазмунуна, 12 тилде жазылганына таң калдым. Азыр ошол күйөрманым Алина менен байланышып турам.

“Айжамал” мени улуу муунга таанытты”

– Кафеде иштебей калганыма жарым жылдай болду. Той-топурларга чакыруу ала баштадым. Тойго барганда башка ырларыма караганда “Айжамалды” улуу муундун өкүлдөрү “оп-бали” деп укмуш колдоп угушат. Ал гана эмес, акча кыстырмайга өтүшөт. Өткөндө бир тойдо ырдап жатсам, бир эже келип «менин татынакай кызым бар, номерин берейин, жазып ал» дейт. Күлүмсүрөп номерин алып койдум. Ошентип, «Айжамал» мени улуу муунга таанытты.

“Кыздар колумду толгоп...”

– Бир кыз күндө телефон чалып, жакында туулган күнү боло тургандыгын айтып, “келип эле катышып кетиңиз, бир көрүп алайын” дей берет эле. Кой-ай десем деле болбой тажата бергенинен улам, барса барайын, көңүлү ооруп калбасын деп айткан дарегине бардым. Барсам кафеде өзү жалгыз койкоюп отурат. Барып куттуктадым, тамак жедик. Баарын төлөдүм. Дале туулган күндөн дарек жок. Калп эле чакырган го деп “чоң кыз, жумуштарым бар, чыгалы” десем, “макул” деди. “Узатып коёсузбу?” дегенинен макул деп узатып бардым. Анан эле бир үйдүн жанына келгенде 4-5 кыз кармап алып ар кайсыны айтып коё беришпейт десең. “Кыздар, жумушум бар” десем да болушпайт. Бир маалда эле кыздардын бирөө кепкамды жулуп алып, дагы бирөөсү колумду толгой баштады. Менин жанымдагы кыз менден бешбетер жаман болуп четте туруп калды. Ий, ошондогу “неудобный” акыбалымды элестете албайм. Анан катуу айтканга туура келди. Катуу-катуу айтып салсам, анан шайыр кыздар коё беришти.

Куржунга катылган каттар

“Мени эмнеге кыйнадың? Жашоомду таптакыр башка нукка буруп салдың. Бир гана сен деп калдым. Мүмкүн, сен менин бир кездеги махабатыма окшоштурсуң. Мүмкүн, мүнөзүң аныкынан башкачадыр... Кантейин, Кудай бизди кошор бекен? Кошпосо деле үнүңдү уксам болду. Кана эми, кыялым чындыкка айланса... “... Айжамал, укчу сөзүмдү...” деген сайын Айжамалыңдын жүрөгү дүкүлдөйт...
Окуп койгонуңуз үчүн рахмат. Кызыгы, менин атым да Айжамал деп табышмактуу селкиден келген кат куржунда катылуу.

ххх

Бороондоп, кар учкундап жаасын мейли,
Саратан ысыгында күтөм сени.
Сел каптап, агын сууга айланса да,
Күтөмүн сен экөөбүз кездешчү күндү... Ильяз, сахнага чыгып гүл бергенде колуңду кармап туруп, ушул ырды айткым келди. Бирок кат менен барганы жакшы го дейм, кандай дейсиң? Жообун күтөм, мүмкүн ыр менен жөнөтөрсүң.

Номерим ******.

ххх

Кечке эле “Кыргыз жери, сүйөм сени...” дей бербей, кыздарды деле сүйсөң боло!

Канышай.

ххх

Кутмандуу кечиңиз менен! Жолуксам дедим эле. Баары бир келбейсиз! Келбесиңизди билсем деле жаза берем тажабай.

Айзада.

Кызыктуунун кызыктуусу

  • Ильяздын “Кимди сүйөсүң?” деген ырын уккан сайын Оштон Айгүл аттуу күйөрманы “кечке эле сурай бересизби, сизди сүйөм да” деп СМС жазып жиберет.
  • Кээ бир кыздар бирдик салып коюп, “түштүбү?” деп чалышат. Анда Ильяз “тим эле койбодуң да, рах-маат” деп жооп берет.
  • “Крутой” кыздар чалып, “машина алперем, жигитим болбойсуңбу?” дешет экен, тобо.
  • Таласта гастролдоп жүргөндө бир киши “токтой тур, уулум” деп 1 баштык кыпкызыл алманы багынан үзүп берген.
  • Күйөрмандардан келген жумшак оюнчугу 3 мүшөк чыгат. Аларды Караколдогу үйүнө алпарып койгон. Оюнчуктардын үзүрүн кичинекей иниси көрөт.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 351, 24-30-июль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан