Чиркей көбүнчө кичинекей балдарды жана териси жука адамдарды чагат.
Тердин жытын жакшы сезгендиктен, тердеген адамга чиркей көп жабышат.
Адамдын каны менен ургаачылары гана азыктанышат. Аларга кандын курамындагы заттар жумурткалоо жана энергия алуу үчүн керек. Кан сорбой калган учурда өсүмдүк ширесин соруп күн көрөт, бирок жумурткалай албайт. Эркектеринин жаактары өнүкпөгөндүктөн кан соро алышпайт, өсүмдүктөрдүн ширеси менен тамактанышат.
Чиркей безгек, сары калтыратма, менингит, энцефалит ооруларын жугузуучу болуп эсептелет. Анын шилекейинде күчтүү аллерген бар
САКТАНУУ ЖОЛДОРУ
1. Туура кийиниңиз (денеге жабышкан, ачык түстүү, жеңи узун кийимдерди). Дененин ачык бөлүгүн мүмкүн болушунча жабыңыз.
2. Имарат, үйлөрдүн терезесине чымын-чиркейден коргоочу тор тагыңыз.
3. Аллергиктер жанына антигистаминдик каражаттарды (аллергияга каршы дарыларды) алып жүрүүлөрү зарыл.
4. Коргонуу үчүн синтетикалык репелленттерди (чиркейлерди коркутуп оолактатуучу химиялык каражаттар) же табигый каражаттарды (өсүмдүктөрдүн эфир майлары) колдонуңуз. Бирок тамактанарда колду сөзсүз жууш керек.
КОРГОНУУ КАРАЖАТТАРЫ
СИНТЕТИКАЛЫК:
тери үчүн кремдер
Чиркейге каршы кремдер 2-3 саатка терини коргой алат, аны жука кылып сыйпоо кажет. Бирок кремди дененин чийилген, тытылган, жара болгон жерлерине сүйкөөгө болбойт.
аэрозолдор
Кийимге, терезе торлорго, чатырга себиңиз.Эгер аларды жуубасаңыз, күчтүү аэрозолдун жыты 1 айга чейин сакталат.
ТАБИГЫЙЛАР:
эфир майы
Гвоздика, анис, эвкалипт, валериана, арчанын эфир майын же ванилинди бир жакка чыгарда дененин ачык жерине сүйкөө керек. Ошондой эле чүпүрөктү же дакини эфир майына нымдап терезеге коюп койсо чиркей жолобойт.
пиретрум (түрлөрүн ромашка деп да аташат)
Гүлүн, сабагын же жалбырагын кургатып,абдан майдалап, анан имарат ичинде түтөтүү керек. Үзүп келип бөлмөгө чачып койсо да болот.
помидор жалбырагы
Помидор өстүрүлгөн идишти терезеге, үй ичине же үйдүн кире беришине коюп коюу кажет.
кедр майы
Бул дагы чиркей, чымын жана таракандарды кубалайт.
буудайык, буудай баш (пырей)
Тамырын майдалап сууга салып, суунун өңү ачык сары болгуча кайнатып алуу сунушталат. Көчөгө чыгарда кайнатма менен бети-колду жуу зарыл.
ЭГЕР ЧАККАН ЖЕРДИН ӨҢҮ КЫЗАРСА...
Антигистаминдик каражатты ичиңиз.
Чаккандан улам кычышкан жерге муздак компресс же муз коюңуз.
Чаккан жерди 200 грамм муздак сууга жарым чай кашык сода кошуп, аз-аздан жууп туруңуз.
Чиркей чаккан жерди кан чыккыча тырмап салууга болбойт! Инфекция кирип, ириңдеп кетиши мүмкүн.
ЖАНА ДА...
Сыртта тынч отуруп чай ичүү үчүн...
1) Самоорду карагайдын тобурчагы менен кайнатыңыз. Анын түтүнүнө чиркейлер жолобойт.
2) Арчаны түтөтүп коюңуз.
Үйдө
Ванилин, гвоздиканын, анистин, эвкалипттин, валериананын жана арчанын эфир майын ысыган казан көмөчкө тамчылатсаңыз жыты бөлмөгө тарап, чиркейлер качат жана кирбей калат.
Үй шартында чиркейге каршы мазь жасоо
Балдар үчүн кремди алып, ага 3 пачка ванилинди кошуп аралаштырсаңыз, мазь даяр. Бир жакка чыгарда сүйкөп аласыз.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg