Патила Нурматова:«ӨТҮКЧҮЛҮКТҮ КҮЙӨӨМДӨН ҮЙРӨНГӨМ»

Аялзаты бала төрөп, аны тарбиялоо менен гана чектелбестен, кээде эркектер эптей албаган иштерди жасап таң калтырат. Бүгүнкү биздин коногубуз Патила Нурматова Ош шаарындагы борбордук базарда бут кийимдерди тигип күн сайын кардарларынын алкышына татып келет. Анда өтүкчү айым менен болгон кызыктуу маек назарыңыздарда.

– Патила айым, канча жылдан бери бул кесипти аркалап келесиз?
– Негизи, бул ишти мага ыраматылык күйөөм үйрөткөн. Ал 20 жылдан ашуун өтүкчү болуп иштеди. Иштеп жүргөндө мага да үйрөткөн эле. Менин бул багытта иштегениме быйыл 15 жыл болот.

– Аялзатынын өтүк тиккени сейрек кездешет эмеспи, ишиңиз оорбу?
– Жаңыдан үйрөнө баштаган мезгилде катуу кыйналгам. Бир күнү батинке тигип отуруп колумдун манжасын шибегеге тепчип алгам. Жанымдын оорутканын айтпа. Эч кимди жолотпой кыйкырып жатам, күйөөм көрөйүн десе да жолотпойм. Бирөө «доктурга бар, операция жасайт» десе, дагы бирөө «доктурлар оорутуп жаныңды кыйнайт» дейт. Анан бир киши «өзүң бир чекеге чыгып шибегени акырындап кыймылдатып отуруп сууруп ал» деди. Эч ким жок жерге барып, жаным кыйналганына карабай акырындан шибегени чыгардым. Чыккандан кийин күйөөмө карап, батинкени бир тарапка, шибегени бир тарапка ыргытып «экинчи иштебейм, тиричилигиң курусун» деп басып кеткем. Кайдан, жашаш керек экен. Үч күндөн кийин, колум айыкканда кайра келдим.

– Өтүкчүлүк менен да ийгиликке жетишсе болсо керек...
– Кудайга шүгүр, курсагым ток, кийимим бүтүн. Колумда акчам бар. Ач калган жокмун. Балдарымды чоңойттум. 7-8 жыл мурун бул кесиптин арты менен эки бөлмөлүү батир сатып алганмын. Учурда төрт бөлмөлүү жер там салып жатам.

– Капа кылган кардарларыңыз болду беле?
– Беш кол тең эмес да. Бир жолу жаш бала келди. Эс токтотуп калган эле жигит экен. «Муну тигип бере койсоңуз» деди. Тигип берсем, «акчам машинамда эле, азыр алып келе коёюн» деп кеткен боюнча келбей койду. Артынан издеп барып, таппай калдым. Кээ бирлери бар, отуруп алып үйрөтүшөт «бул жерин мындай кылып тигесиз, тиги жерин мындай кылып тигесиз» деп. Маанайым жакшы болсо унчукпайм, кээде чарчап турсам «өзүң билсең анда мага эмне алып келдиң, тиге бербейт белең» дейм.
Көп учурда бут кийимдин таманына резинка койгондон чыр чыгат. «Кымбатынан коюп берейинби, арзанынан коюп берейинби?» десем, арзанын айтышат. Эки күндөн кийин кайра келишет, «түшүп калды» деп арызданышып. Экинчисин кардарымды капа кылып албайын деп акысыз тигип берем, анан «дагы келсең эми акча алам» деп эскертем. Кээ бирлери «тигип бере кой» деп шаштырышат, шашылышта жакшы болбой калат. Андайда акчасын бербей, берсе да толук бербей адамды кыйнашат. Арга жок чыдайсың.

– Эркектин жумушун кылат экенсиз, аялдын жумушуна кандайсыз? 
– Аялдын жумушун кыла албайм, чынын айтайын. Жадакалса төшөгүмдү да бирөөгө акча берип тиктирем. Ушуга байланыштуу бир кызыкты айтып берейин. Кайнежем кызын турмушка узатып жаткан эле. Чакырганынан барсам «төшөк тигишип кой» дейт. Тигилер болсо кымбат баалуу төшөктөрдү мага берип жатат, тигет деп ишенип. Анан мен «батинкелерди топтоп берсеңер тигип берейин, бирок бул төшөгүңөрдү тиге албайм» десем, кайнежем таң калган. Экөө эки башка нерсе да. Ал эми ашканада тамактардын баарын эле жасайм.

– Базарда бут кийим тигип отурганыңызга балдарыңыз кандай карайт?
– Баары караманча каршы. Балам менен кызым «иштебей үйдө отуруңуз» деп урушат. «Биз иштеп жатабыз го, сизге эмне жетпейт?» деп. Кээде жашынып отуруп келип кетем. Үйдө отура албайм.

– Мен билгенден кышы-жайы ушул жерде отурасыз, суукта кыйналбайсызбы?
– Эми кыш мезгили өтүкчүлөр үчүн сезон. Сезондо иштеп калышыбыз керек. Колуң иштеп турса үшүгөнүң деле билинбейт. Кар жааган мезгилде чыкпайм, мурда жаңы баштаган мезгилде кар жааганына карабай келчүмүн. Азыр жаш өткөн сайын өзүңдү аяп калат экенсиң.

– Кимдир бирөөгө устат болдуңузбу?
– Ооба, Жаныш деген балага үйрөттүм. Иштегенине 2-3 жыл болуп калды. Мындан сырткары өзүмдүн уулума да үйрөткөм. Колу бошогондо ал да келип бут кийим тигет.

– Ишиңизге ийгилик!

Элира Чынтемир кызы
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Zarema94
2013-07-01 12:27:31
аял бири колу менен бешикти, экинчи колу менен дуйнону терметет!
+7
ХАНЗАДА
2013-07-01 12:53:08
Азаматсыз эже, отукчу болуунун эмнеси уят. Бироодон карыз сурабайсын, колун жоруса да адал эмгек эммеспи. Сонун суйлоп бериптир. балдарымдан жашынып отуруп келип алам деген жери жакты. Анан чогултуп уй алганы да анча-мынча бекерпоз эркектерге караганда тын экенин корсотуптур.
+4
zamirbeka
2013-07-01 19:35:01
Баракелде Патила эже!ишинизге ийгилик!
+1
Beka_89_kg
2013-07-02 14:17:31
Эже аракеч болуп катыным таштап кетти деген эркектерден оодо экенсиз ишинизге ийгилик
+1
toxa-90-kg
2013-07-03 22:50:48
меенеткеч аял экенсиз!сизди коруп калчуумун ошто
+1
fialka_90
2013-07-05 16:45:47
эжеден тиги кочодо жургон балдар уйронсо боло


+1
altinim
2013-07-05 20:52:44
эххх жашоо эркекти уйго камап аялды кочого чыгарып койдунго
0
№ 556, 28-июнь-04-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан