– Нурбек, сиз кыргыз шоу-бизнесинде пайда болгондон бери менде тынчтык жок. Cиздин үнүңүздү кайдан укпайын, жүрөгүмдүн кагышы өзүмө угулуп жаткандай дүкүлдөп согот. Бир жолу сизди кокустан көчөдөн көрүп калдым. Ошондогу көздөрүбүздүн чагыла түшкөнүчү. Сиздин да мага көңүлүңүз түшкөндөй, денем бир башкача болуп кыймылдай албай калдым.
Жашоомо тынчтык бербеген сиздин көздөрүңүз кимди суктана карайт болду экен? Ушул суроону ойлонгонумда каным кайнап, кызгануу сезими күчөп, өзүмдү коёрго жер таппай калам. Анткени сиздин көздөрүңүз элдикинен башкача... Мендеги кызгануу сезими сизге гана арналса керек. Анткени менин жетинчи туюмум сизге жетпесимди, ал гана эмес, башка көрүшпөсүбүздү айтып жаткансыйт. Мага деле сүйүү келет деп ишенем. Бирок сизди сүйгөндөй сезим эмес. Сизге болгон сезимдерим кандай күчтүү, кандай ыйык, кандай тунук экенин сезсеңиз кана?! Анда мен дүйнөдөгү эң бактылуу айымдардын катарын толуктамакмын.
Мен билем, сизге баары бир жетпейм. «Жигит сүйсө алат, кыз сүйсө калат» деп коёт эмеспи элибизде. Алсырап, жаным кейип сүрөтүңүздү кучактап калгандан башка менде айла жок. Бирок билип коюңуз, сизди түбөлүккө сүйгөн кыргыздын жөнөкөй бир кызы бар экенин. Бактылуу кылгым келет сизди. Бирок кантип? Мага жол көрсөтүңүзчү, Нурбек...
Акылай, Бишкек шаары