Эл аралык Москва кинофестивалына атактуу Голливуд актёру Брэд Питт келип катышты. Фестивалдын алкагында акыркы өзү тартылган «Дүйнө согушу Z» тасмасын көрсөткөн. Уюштуруучулар алдын ала «Брэд эч кимге интервью бербейт» деп сүйлөшүлгөнүнө карабастан, актёр фотографтарга сүрөткө түшүп берип, журналисттер менен баарлашып, жадакалса күйөрмандары менен учурашканга жетишти. Журналисттер менен баарлашканга актёр көбүрөөк убакыт бөлүп койгонбу, айтор, аны күтүп фестиваль бир саат кеч башталган. Москвага Брэд Шайло жана Захара деген кыздарын ээрчитип келип, Кызыл аянтта сейилдегенге да убакыт тапты.
Лунара Бекиева
star@super.kg