Эсиңиздерге салсак, «Даңазалуу кылым» сериалындагы Хүрремдин ролун жараткан актриса Мерьем Узерли тынымсыз тартуу аянтында иштеп чарчаганын айтып Германияга кеткен бойдон келбей койгон эле. Сериалдын жаратуучулары Мерьемди 2 серия күтүп, үчүнчүсүндө башка актрисаны тандоого аргасыз болушуптур. Дегенибиз, сериалдын 103-сериясында Хүрремдин ролунда 47 жаштагы актриса Вахиде Гердюм пайда болду жана ушул серия менен сериалдын 3-сезону аяктады. Ал эми 4-сезонунда Мерьем кайра кайтып келеби же жокпу, белгисиз. Тасманын 4-сезону сентябрь айында жарыкка чыгып, 2014-жылдын апрель айында бүтөрү айтылууда. Көптөгөн өлкөлөрдө көрсөтүлүп жаткан түрктөрдүн бул даңазалуу сериалы 4-сезон менен жыйынтыкталат.
Лунара Бекиева
star@super.kg