ИЗДЕЙМ СЕНИ

«ТУУГАНЫБЫЗ МЕНЕН КАТЫШКЫБЫЗ КЕЛЕТ»
– 1991-жылдары Ош облисполкомдун башчысы болуп турган Кулматов Ренат Сатаровичти издейм. Апам Кулматова Гүлайым Сатаровнанын айтымында, алар аталаш бир тууган экен. Тууганыбыз менен табышып, катышып тургубуз келет. Биз Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Жашасын айылында турабыз.

Шамшарбек Абылкасымов, тел.: 0773 38-02-08

«ГРУППАЛАШТАРЫМА ЖОЛУКСАМ ДЕЙМ»
– Ош технологиялык технику­мунун сырттан окуу бөлүмүн 1993-1994-жылдары бүтүргөн группалаштарымды издейм. Аларды тааныгандар болсо, төмөнкү телефон номерине чалып коюуңарды суранам.

Гүлчехра Кадырова, тел.: 0554 19-74-80

«КУРБУМДУ ТАППАЙ КЕЛЕМ»
– 1988-жылы Нарын шаарында төрөлгөн курбум Миргүл Абдыкадырованы издейм. Ал мени менен Нарын шаарындагы А.Үсөнов атындагы орто мектепте 9-класска чейин чогуу окуган. Андан соң Бишкек шаарына кеткен. Башында телефон аркылуу сүйлөшүп турчубуз, акыркы 5-6 жылдан бери байланышыбыз үзүлдү. Миргүл Таласка турмушка чыгып, кыздуу болду, кийин Москвага кеткен деп уккам.

Гүлзат, тел.: 0770 16-49-43

«АГАМ ЖОГОЛДУ»
– Агам Жолдошбек Ташыбаев 2013-жылдын 3-январында Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Баш-Кара-Суу айылында жашаган карындашынын үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Ал 1957-жылдын 10-июль күнү Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Мантыш айылында туулган. Аны издебеген жерибиз калган жок.

Камчыбек, тел.: 0557 28-04-65

«СИҢДИМДИ ИЗДЕЙМ»
– Сиңдим Шарипа Кенжекараева менен 10 жылдан бери байланыша элекмин. Ал Ош облусунун Араван районундагы Чек-Авад айылына турмушка чыккан. Күйөөсүнүн аты Бахрамжан Токтосунов.

Анипа Өмүрова, тел.: 0707 14-48-93

«АПАМДЫ КҮТӨМ»
– 1974-жылдын 18-январында Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды айылында төрөлгөн апам Гүланда Таабалдиеваны издейм. Ал Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Талды-Суу айылына турмушка чыккан. Мен 4 жашымда, сиңдим 3 жашында атам экөө ажырашып кетишкен экен. Кийин 2006-жылы келип, биз менен учурашып кеткен. Ошол бойдон кайра келген жок. Угушумча, азыр Ошто жашайт.

Сайкал Акылбек кызы, тел.: 0703 84-05-06

«КАЙДАСЫҢ, КУРБУМ?»
– Токтогул районунун Тоолук айылында 1981-жылы туулган курбум Бакаева Мээрим Кайыпжановнаны издейм. Азыр Бишкектеги бир базарда соода кылат экен. Бишкекке барууга мүмкүнчүлүгүм жок. Мээрим, бул маалыматты окуп калсаң, мага чалып койсоң.

Тынара Юлдашова, тел.: +79261072705,
tynara.yuldashova.81@mail.ru

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.

Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 47-43-43

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 556, 28-июнь-04-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан