МЫРЗА,КАМЧЫҢЫЗ ИЛИНҮҮБҮ?

«Аялдын шайтандарын «профилактика» кылуу үчүн эркек анда-санда камчынын учун көрсөтүп туруш керек» деп коюшат. Айрым мырзалардын камчылары дайым колунда болсо, кийинки убактарда кээ биринин камчысы аялына өтүп кеткен учурлар да болот. Деги эле өмүрүндө аялына кол көтөрбөгөн эркек кыргыздарда бирин-серин эле болуш керек. Ачык айтылбай, бирок коомубузда көп орун алган аялды токмоктоо темасын бүгүн талкууга алалы деп чечтик.

«КЫЗ – КОНОК» ДЕП ЧЕКЕСИНЕ ЧЕРТЧҮ ЭМЕС»
ӨМҮРБЕК САМУДИНОВ, этнограф, тарыхчы:
– Кыргызда «кыздын кырк чачы улуу» деген кеп бар. «Кыз – конок» деп ата-эне чекесине чертмек тургай, чаң тийгизбей чоңойтушкан. Ал эми келинге андан да жакшы мамиле жасашчу. Бир мисал, XIX кылымда кыргыз жерине келген Феликс Рокка, Николай Рерих деген окумуштуулар кыргыздар аялдарына өтө аяр мамиле жасаарын жазып калтырышкан. Чындыгында, башка элдикиндей бетине паранжа жамындырбаган, атка мингизген, аялдарга карата улуттук оюндарды ойнотушкан. Демократиялык нукура мамиле ошол биздин ата-бабаларыбызда болгон. Кыргыздарда аялды уруу деген болгон эмес. Эркек менен аялдын ролу так, туура бөлүштүрүлгөн. Ошол себептүү ортолорунда токмоктоого себеп боло турган нерсе чыккан эмес. Кыргыздар «аялды уруу» деген илдетти Совет бийлиги орногондон кийин жуктуруп алды. Орустардан ичкилик ичүүнү үйрөнүп, анан аялдарга касапчылык кыла башташты.
Кээде чыр аялдар эркектерге таандык иштерди кылып тизгин талашуудан да келип чыгат. Жеңил коом болуп кээде аялы эркегин, эркеги аялын уруп коюп, эртеси эч нерсе болбогондой жашап жүрүшөт. Эгерде түбүбүзгө кайтсак, тарыхыбызды жакшы билсек, бул терс сапаттардан, балким, арылмакпыз.

«КАМЧЫ КҮЧТҮҮ БОЛСО КАТЫН УЯТТУУ» ДЕГЕНГЕ КОШУЛАСЫЗБЫ?
КАМЧЫ CАРЫБАЕВ, актёр;
– Бул кепке бир чети кошулам, экинчи чети кошулбайм. Негизи, аялды эч качан уруп, токмоктоп пайда таппайсың. Алар менен ажылдашып урушуп да жеңе албайсың. Эң жакшы жолу аялды алдап гана коюш керек. «Ооба, сен туура айтасың» деп койсоң эле жоошуп калышат. Менин үйлөнгөнүмө сегиз жыл болду, аялыма кол көтөрө элекмин. Айтып, ага көнбөсө алдап дегендей... Урушпаган үй-бүлө болмок беле? Ойноштор эле урушпай жашабаса, аялы менен күйөөсү анда-санда урушуп турушу керек. Бирок баары чеги менен. Кошулам дегеним, айрым эркектер таптакыр эле камчы эмес, тизгинди талаша албай калышат. Андайда аялы кыйын болуп кетет. Бул жагынан алганда жогорку кепке кошулам.


«АЯЛДЫ УРУУ ШАРИЯТТА ЖОК»
ЖОРОБАЙ ШЕРГАЗЫЕВ, Муфтияттын алдындагы Фатва бөлүмүнүн башчысы:
– Аялды уруу шариятта жок. Башка бир адамдын денесине, ага зомбулук көрсөткөнгө эркектин эч кандай акысы жок. Бирок жашообузда таптакыр эле чийинден чыгып кеткен жорук-жосуну өзгөчө аялдар бар. Аларга кандайдыр бир деңгээлде жаза керек. Эгерде аялы өтө ажаан болсо, күйөөсүнүн сөзүн укпаса, алгач курандан мисал келтирип насаат айтышы керек. «Сен андай бол, мындай бол, мында туура эмес кылдың» деген сыяктуу акыл айтып. Ага да болбосо, анда аялдын төшөгүн бөлүп коюу керек. Төшөгүн бөлүү бул – жуурканын алып туруп башка бөлмөгө кирип кетүү эмес, аялы-күйөөсү чогуу эле жата берет. Бирок эркек катары ага көңүл бурбай, бир аз сыртын салып койгону оң. Буга убакыт мынча болуш керек деген нерсе жок. Анткени ар бир аялдын психологиясы ар кандай, бири бир түндө эле эсине келип калса, экинчиси жайыраак келет, ал эми үчүнчүсү «мага баары бир» деп басып кетиши мүмкүн. Эгерде мындай жазалоо да натыйжа бербесе, анда акырын, денеси көгөрбөгөндөй, эти ачышпагандай силкип-булкуп койгонго уруксат. Аялды көк ала кылып уруп, балдарын үрпөйтүп коркутуу шариятка туура келбейт.
Эгерде анда да болбосо, аялдын жана эркектин туугандарын, аксакалдарды ортого салып сүйлөшүү керек. Ошондон кийин да оңолбосо, анда ажырашууга жол берилет.
Аял күйөөсү уруп, зомбулук көрсөтсө, анда казыга барып чечишип алганы оң. Кээде, тескерисинче, аял күйөөсүн уруп салган да учурлар болот. Андай учурда күйөөсү аялды багуудан баш тартат. Анын керек-жарагын алып берүү эркектин милдетине кирбей калат.

«ТОКМОК ЖЕГЕН АЯЛ ӨЗҮ БУЛ ЖАШООДО КУРМАНДЫКТЫН РОЛУНДА»
НУРЗАДА МАЯМЕРОВА, психолог:
– Бул эки тараптуу жагдай. Биринчиси – эркек эгер дайыма аялын ура берсе, анда анын алсыздыгы катары түшүндүрүлөт. Психологияда эркек ага кол көтөрө албаган аялды, кичинекей баланы, жаныбарды уруп, өзүнүн баркын көтөрүүгө умтулат. Өзүнүн кайсы бир абалдан чыга албай жатканын кыжырланып, башкалардын көзүнө өзүнүн баркын көтөрүү үчүн күчүн муштумдан чыгарат. Сөз менен түшүндүрө албаган абалын, эрксиздигин муштумга жашырат. Ал эркек алсыз, жашоодо ордун таба албаган, ички дүйнөсүндөгү көйгөйлөрүн чече албаган эркек. Бул дайым урууну өнөкөт кылып алган эркектер тууралуу.
Экинчи жагдай бул – аялдын заар тили, долулугунан, сөз жебегенинен таяк жеп калат. Кээде эркекти ошол абалга аял жеткирип коёт. Мындай учурда аял эркекти өзү провокациялап, токмок жеп калат. Аялдар бир нерсени аңдабайт, бир жолу кол көтөргөн эркекке экинчи-үчүнчү жолу кол көтөрүү оңой болуп, ал көнүмүш адатка айланып калат.
Токмок жеген аял өзү бул жашоодо «курмандыктын» ролунда. Андыктан өзү жүрөгүндөгү «жабырлануучунун» программасын жок кылууга аракеттениш керек. Кандай болсо да, бул аялдар да, эркектер да психологиялык жардамга кайрылып, себебин таап, жашоосун өзгөртсө болот.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Мырза, камчыңыз илинүүбү?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (45)
perulan
2013-07-03 15:08:59
Айалды жумасына жэти жолу камчы менен жонуна чаап туруш керек шайтанын кубуп тамаша,итти коп урса кабаанак болот деп койот кыргыздар эси жок айал деле ошондой канча урсан огош бетер ажылдай берет андан коро динибиз коргозгон жол менен алгач озубузду тарбиялайлы а айал болсо буйруса озунон озу эле онолот деп ойлоп атам
0
toktopolot79
2013-07-03 15:47:44
Аялдардын "каякта журосун?, качан келесин?, кана?"- деген создору мага аябай жагатда )))))))))).
0
sesh_elya
2013-07-03 15:57:11
Абдан кызуу талкуу журуп жатыптыр го. "Чужая семья темный лес" деп коёт орустарда андыктан бул жерден аял куноолуу же эркек куноолуу дегенге болбойт. Акылы бар эркек аялына кол которбойт эгерде аялы ою менен болсо, коп конфликт финансы жактан болот. Эркек аялына бир айтат эки айтат уч айтат, укпаса анан башка методту колдонот жалдырамак беле бул аялдын кемчилиги. Кее бир эркектер бар ичип алса эле адырандап аялына кол которуп калышат бул эркектин кемчилиги. Андыктан бул чоон маселе, андан коро ж
0
toktopolot79
2013-07-03 16:20:35
Куудулдар айтмакчы " аял заты фашист сымал, жаны келгенде кичине дем ал десенда болбой эле, айтырбай баарын аткарып, боорунду оорутуп жиберет. Кичине убакыт отуп жайланышып алгандан кийин баарын озуно багындырып алат".)))))) (тамаша)
0
Poliglot
2013-07-03 17:22:00
Аялын урган эркектин озун уруп корсо кандай болот эле? Кокуйлап аялга мунозун корсотуп, жуундуруп жатмак чалкалап. Негизи эле аял шордуу: баланы 9 ай которуп, торогону аз келгенсип баарына тамак жасап, кирин жууп, уй жыйнаса дагы бир тили учун ур-токмокко алып кирген эркек эркек деле эмес. Бир окуяны угуп алып тан калдым. Куйоосу боюнда бар аялы кир жууп жатса алаасына тээп, кансыратып олтуруп ала жаздаптыр. Баладан жок аял байкуш оорулуу болуп калса дагы ал зоокурду кечириптир. Соз жок!
+1
jibek_1984
2013-07-04 01:39:27
Туйшуктун баары байкуш аял затында болот ошентсе да аялды жамандашат. Бар болгула алтындай болгон аял заты. Сиздерге ден соолук узун омур каалайм.
+1
aziret-92
2013-07-04 17:03:46
Тообаа,урбагыла аялзатын.ал да бироонун кызы бироонун эжеси,карындашы.
Биздин деле эже-карындаштарыбыз бар.мисалы мен каалабайм эжеми бироо урушун.
Тушундуруп айтсак алар деле тушунот,аялзатынын эч качан окунучтон акбасынчы коз жашы.
Ээх...аяп кеттим силерди.
Эркек деген негизи коргош керек аялдарын.
+1
gutler
2013-07-04 23:27:51
апам,атам жаштыгында, атамдын эжеси, "койлуу койчу куйрук жейт,эрлуу аял,таяк жейт"-деп апамды атама урдура берчуу экен. Апам карыса да,ушуну бизге айтпай,атамды абдан сыйлайт. А бул нерсени мага таенем нараазы болуп айтып берген. Азыр атам уулдарына,аялынарды эч качан урбагыла деп айтат.
0
N.Bakazova
2013-07-05 00:36:13
Algan erdi jarawsa kara katyn ak bolot, bakkan eesi jarawsa kuipul kuchuk sak bolot.
0
kg.boys86
2013-07-05 02:02:14
аялын урган эркек жарыбайт деп да коюшатко)))). менин уйлонгонумо 3 жылдын жузу болот. кол которо элекмин. буйруса которбошко аракет кылам. себеби ал сенин балдарындын Энеси жана сенин омурлук жарын. баарын тушундуруу менен женсе болот, себеби жакшы соз айтсан жылан иийинен чыгат дешет эмеспи. аял кишиге жакшы соз жетиштуу. зомбулук кылып согуп, уруп пайда таппайсын.
0
zulik_julik.kg
2013-07-05 14:13:26
аялын урганга каршымын бирок аял деген куйоосунон кичине болсода корксо ошондо жашоо ширин болотко деп ойлойм аял киши ото куу болот бизде айылда бир аксакал оо илгери айткан экен кызыталак кемпирим койнумда жатып тан атканча мынкылдай берсе бир туруп ушунуку да туурабы деп ойлоп кетем деген экен)))))))
0
chik.chiko
2013-07-06 16:43:48
Ар ким озу учун туура.
0
mayoral
2013-07-06 21:54:29
Аялдардын кадырын билбеген эркек катынын урат... Аял кишини урган, озунун аялын ургандарды коп эле кордум жана коруп эле журом...Аял шордуу, аял ит жандуу деген создорго ынандым... Аял затына кол которгон эркекти эркек катары корбойм.
0
isiasem
2013-07-07 14:50:34
Аял жакшы эр жакшы,вазир жакшы хан жакшы.
+1
d07
2013-12-31 23:08:28
Куйоосу аялын кундо урат андан тажаган аялы молдого барат. Могло аялга туман жасап берет да айтат:урайын дегенде эле озуна салып катуу тиште дейт. Макул деп кетет. Куйоосу келип урайын дегенде эле тумарды оозуна салып тиштейт. Дайыма ошентип тиштейт.кундор отуп куйоосу урбай калат.бир куну аялы тумарды чечип кагазды окуйт анда "ТИЛИНДИ ТЫЙ" деп жазылган болот.
0
№ 556, 28-июнь-04-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан