НАЗМИ:
– Сырткы келбетимди бир калыпта сактап жүрүү үчүн бир айда бир жолу колдонуп келаткан ыкмам бар. Ар кандай пайдалуу кеңештери менен кошо мен колдонуп жүргөн бул ыкма жазылган Малаховдун китеби колума тийгенден тарта муну үзбөй жасап келе жатам. Ал мындай: Үч литрлик банкадагы туздуу суудан 200 граммдан ичкен сайын китепти ачып, анда көрсөтүлгөн көнүгүүлөрдү аткарам. Бир аз тыныгуудан кийин улам-улам ушул көнүгүүнү кайталап отуруп, үч литр туздуу сууну бир күндө түгөтөм да, ошол күнү эч нерсе жебейм. Китепте жазылганына караганда, ушундай ыкмадан соң организм тазаланып, ашыкча салмактын кошулушуна жол берилбейт экен.
АЗИЗА:
– Мен такыр тамак тандабайм. Эмнени кааласам, ошону жей берем. Канчалык жесем да толбогонум өзүмдү да таң калтырат. Бирок, спорт көнүгүүлөрүн жасагандан тажабайм. Албетте, атайын спорт клубдарга барганга убакыт жок. Ошентсе да кечинде үйгө келгенде өз алдымча курсактын чыгып кетүүсүнө жол бербей турган көнүгүүлөрдү жасайм.
НУРЗАТ ТОКТОСУНОВА:
– Мен толуп кетүүдөн корком. Ошондуктан, тамакты ылгап жегенге туура келет. Таттуу азыктарды, этти азыраак жеп, жашылча-жемишти көбүрөөк жегенге аракет кылам. Сууга кайнатылган күрүч – менин эртең мененки тамагым. Анан кечки саат алтыга чейин жакшылап тамактанам да, алтыдан кийин эч нерсе жебейм. Анткени, саат алтыдан кийин сиңирилген тамак-аш организмде майга айланат.
АСЕЛ ТУРДАЛИЕВА:
– Мен атайын спорт залга барбасам да өзүмдү спорт менен машыккандай сезем. Анткени, мен бир ордумда тура албай, ар дайым кыймыл-аракетте болом. Жаш кезимден баштап эртең менен эрте турганга көнгөм. Ошондон улам да толбосом керек. Кээде анча-мынча салмак кошо баштаганым байкалып калса, болгону өзүмдү психологиялык жактан көзөмөлдөп коём. Мен диетага отуруп, өзүмдү ачка кармай албайм.
НУРИСА АБАЗОВА:
– Мен жайында өзүмдүн салмагымдан беш килограммга толуп кеткем. Ошондо эртең менен турганда алма жеп же кефир ичип, бир күндө бир маал гана жеңил-желпи тамак иччү болгом. Бир айдай ушундай тартип менен тамактандым эле, баягы ашыкча беш килограмм салмагым жоголуп, өзүмдүн калыбыма келип калдым. Азыр баштагыдай эле ылгабай жей берем. Болгону куурулган, майлуу тамактарга көп ыктабайм.
Даярдаган Азиза Сатимбекова