«БАЛА – БАКЫТ, ЭНЕ – ЫРЫС» АТАЛЫШТАГЫ МАРАФОН УЛАНАТ

Мына ушундай аталыштагы марафон Кызыл-Кыя шаарындагы «Төрөт үйү» коомдук фонду тарабынан уюштурулуп, 21-июнда болуп өттү. Марафон уланып отуруп, 2-июлда Бишкек шаарында жашаган Кадамжай жана Кызыл-Кыя шаарларынын тургундары үчүн өткөрүлгөнү турат.
Кызыл-Кыядагы тө­рөт үйү 1956-жылы пайдаланууга тапшырылып, ошондон бери үзгүлтүксүз иштеп келген. Жыл сайын анда 5000ге чейинки ымыркай төрөлөт. Тогуз жолдун тоомундагы бул төрөт үйү Ош облусунун Ноокат, Араван районунун Төө-Моюн айылдык округдарынан келгендерге да кызмат көрсөтүп келген. 2010-жылкы катуу жер титирөөдөн имарат авариялык абалга кабылган. 2012-жылы төрөт бөлүмү аймактык ооруканага көчүрүлгөн.
Көпчүлүк элдин суроо-та­лап­тары боюнча 2013-жылы «Төрөт үйү» коомдук фонду түзүлүп, имаратты оңдоп-түзөө үчүн аракеттер жүрүүдө. Марафондон аталган фонддун эсебине 785 миң 99 сом түшкөн. Ал эми 21-июнда өткөн марафондун жүрүшүндө накталай 1 миллион 149 000 сом чогулган. Түшкөн акчанын баары төрөт үйүн капиталдык ремонттон өткөрүүгө жумшалат.

Элира Чынтемир кызы
batken@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Gan
2013-07-01 21:57:52
ошо жеп салышпаса эле болду да
0
jyldyzay
2013-07-06 17:50:56
Ишинерге ийгилик! Аллах колдосун! Айтып откондой эле биздин Тоо-Моюн айылынын аяалдары да ошол жерде торошот.
0
№ 556, 28-июнь-04-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан