Дамира Асанкожоева, ырчы:«ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРДҮН КАТАРЫНДА АТЫМ АТАЛГАНДА АПКААРЫП КАЛДЫМ»

Жумамүдүн Шералиевдин 100 жылдык мааракесине карата Бишкек шаарында сынак өткөрүлгөн. Сынак республикалык деңгээлде өтүп, 500дөн ашуун таланттуу инсандар катышкан. Ал эми Жалал-Абад облусунун атынан ырчы Дамира Асанкожоева катышып, 2-орунду алып облуска атак алып келди. Анда кеп жеңүүчү тууралуу болмокчу.

АСАНКОЖОЕВА ДАМИРА ТӨЛӨГӨНОВНА
Туулган жылы, күнү – 1955-жыл, 25-октябрь
Туулган жери – Бишкек шаары
Үй-бүлөлүк абалы – 1 уул, 2 кыздын энеси
Учурда – «Алтын балык» аттуу мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору, жеке ырчы
Наамдары – Маданияттын мыкты кызматкери, Сузак районунун ардактуу атуулу, Билим берүү тармагынын отличниги

– Алгач сыйлыгыңыз кут болсун дейли. Сыйлыкка алган акчаңызды эмнеге жумшадыңыз?
– Рахмат, жеңиштин кубанычы дагы деле көөдөнүмдөн кете элек. Утуп алган акчамды ийгилигимди бөлүшкүсү келгендерге эле сарптап жатам (күлүп).

– Ырчылык өнөрдү адатта балалыгында эле тилеп алышат, сизде да ушундай болду беле?
– Чын эле кичинемден эле ырчы болгум келчү. Атам Төлөгөн Асанкожоев журналист эле, комузда мыкты кол ойнотчу. Атамдын жумушуна байланыштуу Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунда жашап калдык. Атам редакцияда жана райондук Маданият үйүнүн жетекчиси болуп иштеп калды. А апам болсо балдар үйүндө жетекчи болчу. Мен атамдын да, апамдын да кесибин калтырбай, кош канат кылып алып жүрөм. Учурда балдар үчүн эмгектенип, ырчылык талантымды да калтырбай элдин сынына коюп жүрөм.
Нарында окуп жүргөндө педагогикалык окуу жайына тапшырып, ага өтпөй калдым. Анан тигүүчүлүк боюнча сабак ала баштагам. Ал кезде 16 жашта элем. Нарын шаардык драма театрында Жумамүдүн Шералиев агабыз эмгектенчү. Бишкекте бир чоң фестиваль болуп калды. Фестивалга катышып, чоң сахнанын даамын ошондо таттым. Ал кезде жаш экенмин, кубанычым коюнума батпай жүрө берчүмүн. Кызыгы, мен сахнага чыгып ырдасам, микрофонду алып салышчу. «Эмнеге мага микрофон коюп беришпейт?» деп таң калып да, капа да болуп кетчүмүн. Көрсө, үнүмдүн диапазону бийик экен. Ошол кезде Жумамүдүн Шераливдин «Нарын вальсын» аткарчумун.

– Ошентип, Нарындан башталган талант Жалал-Абадга келип калдыбы? 
– Кийин мен Жалал-Абадга турмушка чыктым. Күйөөм Искусство институтунда окучу. Мен болсо студиянын эстрадалык 2 жылдык курсунда окуп калдым. Менин тилегим, 2 жылдык курсту бүтүп, анан Искусство институтуна тапшыруу болчу. Бирок жолдошум менен баш кошкондон кийин бул жакка келе бердик. Келип Сузак райондук Маданият үйүнө жумушка орноштук.
1976-жылы «Сузак гүлдөрү» деген жалаң кыздардан турган топ ачтык. Бардык музыкалык аспаптарда кол ойнотчу таланттуулар бар эле. Мен 3 жылдай топто ырчы болуп жүрдүм. Андан кийин апамдын кесибин аркалап, бала бакчага өтүп кеттим. Жолдошум менен бир мекемеде иштөө мен үчүн кыйынчылык жаратты. Бут тосуулардан көңүлүм сууп, бала бакчадан ордумду таптым. Бирок ырчылык баары бир жерде калбаган өнөр экен, ырчылыкты деле таштабай алып келе жатам.

– Аталган сынакка кантип катышып калдыңыз?
– Жакында «Аруулан» деген аялдар тобун түзгөнбүз. Бул топ Жумамүдүн Шералиевдин ырларын аткарып жүрчүбүз. Анан Бишкекте өтчү кароо-сынак тууралуу угуп калып, ошол «Аруулан» тобу менен биргеликте катышып көрөлү деп чечтик. Облус деңгээлиндеги көп ырчылардан озуп, бул жердеги тандоодон өтүп кеттим, анан Бишкекке сапар тарттык. Ал жакка 500дөн ашуун мыкты таланттар барышыптыр. 2 күндүк тандоодон калыстар тобу да аябай кыйналышты. Калыстар тобунда Роза Аманова, Гүлсүн Мамашева, Анатай Өмүрканов болушту.

– Жеңишке үмүттөнгөн белеңиз?
– «Генерал болууну эңсебеген солдат солдат эмес» дешет го. Жеңиштен үмүттөнгөм, бирок ушунча адамдан озуп, 2-орунду аларым оюма да келбеген. Кызыктыруучу белектерине гана илинсем керек деп ойлогом. Алгач 500 катышуучунун ичинен 24 кишиге кызыктыруучу сыйлык беришти, улам чакырып жатат, менин ысымым угулбайт. Аңгыча 5-орундан баштап жеңүүчүлөрдү чакыра башташты, 3, 4-орун да аталды. Мен «кантип эле эч нерсеге татыктуу ырдай албадым...» деп ичимден сынып калдым. «Достор» тобунда ырдаган Жайнагүл Калчаева менин бир тууган сиңдим, ал дагы залда отурган жеринен улам күйпөлөктөптүр. Анан «жеке аткаруучулар» деп менин атымды атаганда толкунданып, кантип Жумамүдүн Шералиевдин кызынын колунан белекти алганымды да билбей калдым.

– Дагы көптөгөн ийгиликтерди жаратып жүрө бериңиз!

Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
mi-li-na
2013-07-04 14:32:08
Эжени тааныбайм бирок ийгилиги кут болсун!!!
0
isiasem
2013-07-05 19:34:51
Ийгилигиниз кут болсун!Алгалай бериниз эжеке.
0
№ 556, 28-июнь-04-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан