Назгүл Токтакунова:«АЙБЕК ЖИГИТИМ ЭКЕНИН ЖАШЫРБАЙМ»

Бир жылдары шоу-бизнес чөйрөсүндө үч кыздан турган «Великий дворник» деген топ чыкканы эсиңиздеби? Бир жарк этип, кайра өчүп калган бул топто Назгүл Токтакунова да бар эле. Ал топтун дымы чыкпай кетип, былтыртан баштап Назгүл Мирбек Атабеков, Бегишти жандап ырдап калды.

– Кандайсың, Назгүл? Алгач Айбек экөөңөрдүн ысык мамилеңер жөнүндө сурасак...
– Билгем ушул суроо берилерин. Экөөбүздүн кыз-жигит болуп жүргөнүбүзгө көп болду. Эми аны жашыруунун кажети деле жок. Бирок жарыя кылуунун да зарылчылыгы жок болуш керек. Кыскасын айтканда, Айбек – жигиттердин ичинен акыркы тандоом, демек, ал менин келечегим десем болот. Анын ата-энеси менен таанышпыз, жакшы мамиледебиз.

– Анда мурунку маегиңде аны досум деп жашырып койгон экенсиң да...
(Каткырып) Ооба, биз ал учурда жашырууну туура көргөнбүз. Мамилебиз эми бышып жетилди окшойт да.

– Айбекти кайсы артыкчылыгы үчүн тандадың?
– Негизи, кыздар жигитин атасына окшош болсо дешет эмеспи, менде да ошондой. Атамды идеалдуу киши тутам. Кичинесинде Нарында эле кой кайтарып жүргөн бала болгон. Эмгекчилдигинен улам бизге жакшы жашоо тартуулап отурат. Өзү дин жолунда жүрүп, ажы болсо да, бизге эч качан катуу айтып, «кыска кийбе, ырдаба» деп тыюу салбайт. Дайыма бизди туура түшүнүүгө аракет кылат.

– Демек, жигитиңди атаңа окшоштурат турбайсыңбы?
– Толугу менен атамдын көчүрмөсү деп айта албайм, бирок Айбекти тандаганымдын бир себеби ушул.

– Үйдөгүлөр «турмуш жолуна узаталы» дешпей элеби?
– Андай кептер 18ге толору менен кыздын кулагына куюлуп баштайт да. Жадакалса керебетимди дагы атам «мен сага сонунун тандап келдим, азырынча ушунда уктап тур, кийин күйөөгө кеткениңде отургуч кылып алабыз» деп алып келген. Ал же уктоочу керебетке окшошсочу. Мени конок катары кабыл алышат үйдөгүлөр, баары бир кетет дегенсип (күлүп). Ага капа деле эмесмин, болгону азырынча айдаса да турмушка чыгайын деген оюм жок.

– Сахнадагы Назгүл менен үйдөгү Назгүлдүн айырмасы эмнеде?
– Мен шайырмын, адамдар менен бат тил табышып кетем. Жигитим менен жүргөндө же досторум менен болобу, аябай эркин жүрөм. Мурун «Великий дворник» деген топто ырдаганда деле ошондой элем, тартынуу деген нерсе менде «жашабайт». Кыска юбка кийип эл аралап ырдаганымды эстесем уялам. Азыр атып жиберсе да антип кийинмек эмесмин. Чоңоюп калдымбы, айтор, аябай токтолдум. Кээде «менин ордума башка бирөө чыкса, мен сахнанын артынан эле ырдап кетип калсам» деп кетем. Досторум муну, албетте, түшүнбөйт, «мен ырчы болсом, эл алдына тартынбай чыкмакмын» дешет. Балким, бул менин ырчылыкка анчейин берилбегенимден болушу мүмкүн. Чынын айтсам, башкалардай сахнага умтулуп, ырчылык менен жашайм деген ойдон такыр алысмын. Ооба, ырдап рахат алам. Же кабактарда ырдап моокумумду кандырып аламынбы, сахнага көп тартыла бербейм.

– Мирбек Атабеков, Бегиш менен дуэт ырдап атың чыкты. Негедир жеке аткарууңдагы ырларың анчалык чыкпайт да...
– Бул менин жалкоолугумдан. Ошол ырларды деле капысынан «ырдап көрбөйсүңбү» деп айтышканынан аткарып калгам. Эми продюсерим экөөбүз кызуу иштешип баштадык. Алдыңкы 2 жылга сонун пландарды түздүк. Анын баарын ишке ашырсам, азамат кыз болмокмун (күлүп).

– Интернетте көп отурасыңбы?
– Ооба, себеби мага кызыктуу адамдар менен баарлашуу жагат. Албетте, жөнү жок, ар нерсени жазгандары да кездешет. Эч кимди таарынтып албайын деп баарына жооп жаза берем. Арасында ыр чыгарып, сүйүүсүн арнагандары дагы бар. Аларга түшүнүү менен мамиле жасайм, бири сындап жазса, экинчиси кызыкчылык үчүн «бир жазып көрөйүнчү» деген ойдо ушул ишке барат да.

КЫСКА СУРОО-ЖООП:
– Мелдешип чачыңды кырдырып салганга күчүң жетеби?
– Оо, Кудай, жок! Андай нерсе колумдан келбейт.

– Демек, чечкиндүү эмессиң?
– Андай жагым бар.

– Жактырган гүлүң кайсы?
– Фрезия, жазында гүлдөөчү сонун гүл. Аны дайыма 21-март – менин туулган күнүмө жигитим, досторум белекке беришет.

– Жигитиңден алган эсте калган белегиң...
– Андай деле мактана турган эч нерсе жок, колумдагы телефонумду айта алам. А негизи, мага жаккан нерсенин баарын алып берет.

– Канча саат боёносуң?
– Кө-өп, саат санап болбойт. Бир отурсам чиймелеп, кайра өчүрүп отура берем.

– Саткынчылык жайың жокпу?
– Ха-ха. Жок, эй. Саткын болсом продюсерим кагаз түрүндө келишим түзүп алмак да. Азырынча эч кимдин ишеничинен чыга элекмин.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Назгүл Токтакунова: "Айбек жигитим экенин жашырбайм"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
nazika5
2013-07-08 15:18:07
бактылуу болгула айбек менен айбектин атасы менин аяш атам эгер келин болуп барсан эн улгулуу уй булого туш болосун
0
magic1721
2013-07-08 17:57:58
урматтуу Супер Инфо! видео толук эмес го?
0
kanat4ik
2013-07-08 23:14:53
Cүрөттөрү укмуш го)) даже үйлөнгөн ырчылар да мындай сүрөттөрүн гезит бетине чыгарышка батына албаса керек
0
mi-li-na
2013-07-09 12:33:48
ачык айрым, позитивная девка экен, азамат!
0
AFRODITA-89
2013-07-09 12:45:51
Ой бай эмне дейт...
0
asil-08
2013-07-09 23:20:01
айбек браво передачасына келгенде биздин желектеги тундуктун чекесиндеги шоолалар канча десе жуз деп жооп берген аны мектептеги окуучу да 40 деп айтат болчу ойлонбой туруп тан калгам ушундай да кыргызда билбеген ырчы бар экен деп мага лично жакпайт ушул ырчы негедир
0
sabina90
2013-07-10 18:38:14
суроттору ото эле откровенно экен,уялышса болот кыз жигит болуп туруп ушундай сурот чыгарганы
0
Jamalym
2013-07-10 19:29:05
Кыз жигит экенин билгем фотолорун кайсы бир соц.сеттен коргон болчум анан да ага Арсендин менеджери Миргул деген кыз «Эми бул фотону „супер инфо“ корбосун»деп жазып койгон экен эле :)
0
jalgyzdyk
2013-07-11 12:13:08
Jamalym, Сйуйлоно бербесинчи ошол, эмне супер инфого озу айтып жатпайбы жигитим деп значит сама разрешила размещать
0
Jamalym
2013-07-12 10:13:53
jalgyzdyk, кимди айтып жатасыз түшүнүксүз болду комментиниз.
0
sezim_osmonalieva111
2013-07-11 08:38:38
Башкаларга окшоп кылыктанып жашырбай баарын откровенно айтканы жакты!!!Суйуунор туболуктуу болсун
0
dos
2013-07-12 14:38:25
Назгул мага абдан жакчу эле, каап Айбек эртелеп кеткен экен?
0
bakythka
2013-07-12 19:29:01
Мазза кыз экен мага абдан жакты ! жигити менен бактылуу болушсун!
0
azigrun
2013-07-12 21:03:58
jakkan jok...
0
askat-90
2013-07-13 09:01:11
Мен бул кызды Мирбек Атабеков м.н дует ырдаганын бир билем.башка ырларын укпаптырмын. Бактылуу болгула
0
ledifech
2013-07-13 15:32:29
Мага мунозу жакты:))
0
KyzJibek
2013-08-07 13:42:38
Назгул, сага жонокойлук абдан жарашат экен. Ийгилик!
0
№ 557, 05-июль-11-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан