КАЙНЕНЕНИН КАМЫРЫНАН...

“Кыздын барар жери күйөө” демекчи, кыз бала бой жеткен соң турмушка чыгып, өзүнчө түтүн булатып жашай баштайт эмеспи. Мына ошол күндөн баштап келин апасынын эмес, кайнененин көзөмөлүндө болот. Кыздын бөтөн үйгө, тарбияга көнүп кетүүсү кыйынга турары баарыбызга маалым. Андыктан кайнененин тарбиясын көргөн жылдыз келиндердин баштан өткөргөн окуяларын сиздерге сунуштайбыз.

Жанара Атабекова: «Конокторго тузу ачуу тамак бергенбиз»

– Мен жаңы келин болуп барганда бир жолу үйгө конок келип калды. Кайненем мага “конокторго чай куюп отур, мен тамак жасайм” деп болбойт. Мен кайненеме тамак жасатып койгондон уялып отура албайм. “Апа, коноктор менен сиз отуруңуз, тамакты мен жасайм” десем көнбөй койду. Кыскасы, экөөбүз тең чай куюп, экөөбүз тең тамак жасап жаттык. Бир кезде ашканага чыгып, даяр болгон тамактын тузун татып көрсөм, такыр тузу жок экен. Тамакка туз салып коюп кирип кетсем, кайненем чыгып дагы туз салыптыр. Тамак бышканда көрсөк эле аябай ачуу. Ошентип, кайненем экөөбүз конокторго тузу ачуу тамак бергенбиз.

Айжамал Кабылова: «Экинчи салкын деп айтпай турган болгом»

– Кайненем «мен жаш кезимде куду сендей арык, кичинекей элем» деп мени өзүнө окшоштурат. Кайненемдин аты – Салкын. Кайсы жыл экени эсимде жок. Бир жолу эшиктен кирсем, кайненем терезелерди ачып, үйдү салкындатып коюптур. Сырттан келип эле «ай-ий, үй салкын болуп калган го» десем, кайненем мени түшүнүксүз карап койду. Эмнеге антип карады деп таң калган жаным «үй салкын» деп бир жолу эмес, беш-алты жолу айтыптырмын. Анан бир күнү үйгө кайненемдин досу келип “Салкын, үйүң салкын го, келиниң салкын деп айта албайт турбайбы?” десе, кайненем ”ой, биздикилер айта берет” деп жатпайбы. Ошондо башыма жетти, экинчи “салкын” деп айтпай турган болгом.

Неля: «Малыңыз төрөп алдыбы?» деп сурап уят болгом»

– Мени Урмат «эмнегедир, апама окшошсуң» деп көп айтат. Өзүмө сезилбегени менен чын эле окшоштук жактарыбыз бар окшойт да. Жаңы турмушка чыккан кезим болчу. Таласка барганыбызда үйдөгүлөрдүн сүйлөшкөндөрүнөн улам малы төлдөп жатканын түшүнгөм. Шаарга келгенде кайненем телефон чалып калды. “Кандайсыздар?” деп, анан дагы эмне дээримди билбей туруп калсам, эсиме малы түштү. Анан “малыңыз төрөп алдыбы, ким төрөдү?” деп сурадым. Муну уккан кайненем боору эзилгенче күлдү. “Эмнеге күлөт?” деп түшүнбөй калып трубканы коёрум менен апама чалып сурасам, “күлөт да, малды төрөдүбү дебей, туудубу деп сурайт” десе анан түшүнүп жатпаймынбы.

Назира Айтбекова: «Кайненем экөөбүз тең сынчыбыз»

– Үйдө баары орусча сүйлөшөт, биз кайненем экөөбүз эле макалдаштырып нукура кыргызча сүйлөшөбүз. Аныбызды үйдөн эч ким түшүнбөйт. Отуруп алып кайнеже, кайын сиңдилеримдин баарына тийишип, «короосуна таш ыргытабыз», бирок алар чычалагандын ордуна бизге кошулуп күлүп отура беришет. Баса, бир окуяны эстедим. Жаңы келин болуп келгенимде жүгүнөм деп тоголонуп кете жаздагам. Бирок муну кайненеме билгизбегенге аракет кылып, ийилимиш болуп туруп кеткем. Анымды көргөн кайнежелерим “бул эмне кылып жатат?” деп таң калышкан. Ошондон кийин жүгүнбөгөнгө, жоолук салынбаганга өздөрү уруксат беришкен.

Гүлнара Калдарова: «Тергейм деп тантырагам»

– Жолдошум кайненем экөөбүздүн көп жагыбызды окшоштура берет. Кайненем менен көчөгө чыкканда да көптөр “кызыңызбы?” деп калышат. Жадакалса ырдаган жагынан да кайненем экөөбүз окшошпуз. Кайненем мага куда түшүп келгенде, заңкылдап ырдаса үнүн өзүмдүн үнүмө окшоштуруп катуу таң калгам. Алгач келин болуп келгенде, тергеген жагынан аябай кыйналгам. Бир жолу тергейм деп жаман тантырагам да. “Оштогу эжемдин күйөө баласы” деп тергейм деген окшойм, айтор, “оштогу эжемдин кызынын кайненесинин баласы” деп тантырап жатып эптеп түшүндүргөм. Аны азыр эстеп, дагы деле күлкүм келет.

Жанета: «Кайненем сүйрөп кеткен»

– Денис экөөбүз үйлөнөрдүн алдында элге той-концерт бергенбиз. Той бүткөндө мени Денис алып кетмек. Коркуп ал жакка баргым келбейт десең. Анан жеңелериме “барбаймын, жок дегенде дагы бир жума үйдө жүрүп, анан барайынчы?!” деп суранып жаткам. Бир маалда эле кайненем келип «эмнеге барбайт экенсиң? Мыйзамдуу түрдө эми силер аял-күйөө болдуңар, чогуу жашашыңар керек» деди. Ал сөздү укканда араң турган жаным өңгүрөп ыйлап кирдим. Менин бакырып ыйлаганымды карап тура албадыбы же жактырбадыбы, айтор, «карма, Денис” деп кайненем баласы экөөлөп ыйлаганыма карабай, сүйрөп кетишкен болчу.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 351, 24-30-июль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан