«Ош шаарында өзүбүздүн батир бар. Бирок учурда келинчегим төркүнүнө кеткендиктен, үйдүн «бардагын» чыгарып койгом. «Тамашоунун» тилинде айтканда, байпагым менен галстугумду муздаткычтын ичинен таап кийип жатам» деген «No name» командасынын капитаны Мурат Жалиев кандай жерде чоңойду экен деп анын бала чагы өткөн Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы үйүнө конокко бардык. «Мурат биз үчүн мейман болуп калды» деген ата-энеси дасторконду дүйүм тамакка толтуруп күтүп отурушуптур.
ЧАЙ ҮСТҮНДӨ МАЕК
Мурат туурасында атасы Кеңеш ага менен апасы Мыскал эжени кепке тарттык.
– Уулуңуз кичинесинде эле ушундай шайыр бала беле?
Мыскал айым: – Кичинекей кезинде көп ооруп, вакуумда дарыгерлердин көзөмөлүндө жүрдүк. Азыр той алпарып, «Тамашоуго» чыгып, киного тартылып калса таежелери «бул шишеде жүрүп эле бышып бүткөн экен да» деп күлүп калышат. Сөзгө чечендиги таятасынан өткөн. Тууган-уруктун ичинде эч ким чыкпады, атама окшоп сүйлөгөн. Анын жолун бир гана Мурат жолдоду.
– Балаңыздын шоктугунан улам кошуналарыңыздан же мектеп жамаатынан сөз уккансызбы?
Кеңеш мырза: – Тентек эле, бирок мага сөз жеткирбеди. Балким, мага билгизбестен бүтүрүп жүргөндүр. Муратты шоктугунан улам айылга, таятасыныкына мал карашканы жиберип койчубуз. Ал жакта жүрүп да ат үстүндө учкашып баратып, таятасын кытыгылай коём деп экөө тең аттан жыгылган экен. Мындай жоруктары көп болчу. Өзүм уста болгондуктан, Муратты да ээрчитип алчумун, бош убактысын балдар менен урушканга кетирчү. Мени менен жүрүп көп нерсени үйрөндү. Ушул үйдүн кышын урганда, шпаклёвка чаптаганда Мураттын аракети көп жумшалган.
Мыскал айым: – Аябай өжөр болчу, бирөө менен урушса сөзсүз аны жеңмейинче калбайт эле. Бокс менен алектенип жүрүп, Араван районунда өткөн мелдеште мурдун сындырып келген. Мурду сынса да биринчи орунду алып, диплом менен кайткан.
Мурат: – Атамдар капа болсо керек, бирок сөз келип калды, айта берейин. Мен буларды көп алдачумун. Сабакка кеттим деп коюп Западный кичи районунда кино коюшат эле, ошол жерге барып кечке кино көрүп, сабак бүтөр маалда чыгат элем да, үйгө сабактан келдим дечүмүн.
– Мурат, жакындардан эмес, күйөрмандардан кандай сындарды угасың?
– Кайсы жерге барбайын, мени жаныман биринчи көргөн адам «Сени телевизордон чоң эле көрөбүз, кичинекей эле бала турбайсыңбы» дешет. Ошол сөздөн тажаганымдан бир аз узарайынчы деп аракет кылсам, чоңойбой эле курсак салып баратам. Кудай берген бой-келбет экен да, калыбымда жүрө берейин деп курсакты жок кылыш үчүн диета кармап жатам.
– «Тамашоучу» бала эл алдында уят болуп, кызарып башты жерге салган күндөр болобу?
– Достор арасында го эч нерседен уялбай күлүп жүрө бересиң. Мен көбүнчө тойлорду алпарып жатып туура эмес сүйлөп алып уят болуп калам. Кээде куудулдукка салып абалдан чыгып кетем, такыр окшошпой калса уялганымдан кызарам.
– Сөзүңө аралжы, «Тамашоунун» 6-сезонунда көрүшөбүзбү-көрүшпөйбүзбү, так айта албайм» деген элең. Чын эле «Тамашоудон» кетейин деп жатасыңарбы?
– Күйөрмандар баарына күбө, 5-сезондун финалында жеңбей калганда аябай ачуум келди. 6-сезонго барбайбыз деп ойлогом, бирок кайра кежирленип өзгөчөлүк менен барып жеңишке жетебиз деп жатабыз.
Уулбү Каныбекова
star@super.kg