ЧАТЫРДЫ ЭМНЕ МЕНЕН ЖАПСАҢЫЗ УТАСЫЗ?

Чатыры жок бир да имаратты элестетүү мүмкүн эмес. Чатырдын аба ырайынын кабак түйгөн каарынан сактап, имарат ичиндеги жарык маанайды тартуулаганга салымы чоң. Негизи, чатыр үчүн материалдардын кайсынысы мыкты экенин билип алуу зарыл.

АСБЕСТ – ЦЕМЕНТ ШИФЕРИ
Аты айтып тургандай эле, курамы асбест минералынан жана цементтен турат.

Артыкчылыктары:

  • Бекем, катуу.
  • Жабууда оңой. Адистикти деле талап кылбайт.
  • Отко туруктуу, күйбөйт.
  • Күндүн ысыгында катуу ысып кетпейт.
  • Нымдуулукка туруктуу.
  • Электр тогун өткөрбөйт.
  • Жаан-чачында, мөндүрдө катуу добуш чыкпайт.
  • Керектен чыкканын жаңысына алмаштырууда кыйынчылык жаралбайт.
  • Чатырды кайсы жыл мезгилинде болсо деле жабууга болот.

Кемчиликтери:

  • Курамындагы асбест адамдын ден соолугуна зыян.
  • Убакыттын өтүшү менен мох (тамырсыз өсүмдүк) пайда болот. Бул шифердин сырткы көрүнүшүн бузат.
  • Салмагы оор. Жабууда кара күчтү талап кылат (8 толкундуу 1 даана шифердин салмагы 21,6 килограммды түзөт).
  • Бекем болгону менен морт. Ташууда жана жабууда этияттык талап кылынат.
  • Ным тартат.
  • Кыска убакытка кызмат кылат (30-40 жылга чейин).

Кошумча:
Жогоруда айткандай, шифердин ден соолукка зыян экени далилденген. Анын курамындагы ичке булалуу минералдардын тобунан турган хризотил-асбест дем алуу органдары аркылуу өтүп, ашказан, ичеги, урук безинин ооруларын козгойт жана өпкө, кекиртектин рагынын өрчүүсүнө жол ачат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө дүйнөдө асбест бар жайда иштеген
125 миллион адам анын терс таасирине чалдыккан. Башкача айтканда, асбесттин айынан козголгон оорулардан жылына 107 миңдей адам көз жумат. 1997-жылы Францияда асбест кошулган материалдарды чыгарууга тыюу салса, 2005-жылы Евробиримдиктеги бардык өлкөлөр да чектөө киргизген. Учурда дүйнөнүн 60 өлкөсүндө асбест колдонулбайт.

МЕТАЛЛ ЧЕРЕПИЦАСЫ
Алюминий же жездин ичке катмарынан туруп, сыртынан полимер менен капталып жасалган материал.

Артыкчылыктары:

  • Бекем.
  • Жеңил (1 чарчы метри 5 килограммдын тегерегин түзөт).
  • Экологиялык жактан зыяны жок.
  • Жабууда атайын адистер талап кылынбайт.
  • Каалаган түстү тандап алууга мүмкүн.
  • Чатырды каалаган мезгилде жабууга болот.
  • Өрткө туруктуу.

Кемчиликтери:

  • Суудан коргоочу катмары сыйрылып калса, дат басып, чирийт.
  • Нымдан коргоо үчүн жабуу иштери бүткөн соң устундарга бекитүү үчүн тешилген тешиктерди сырдап, бүтөп чыгуу зарыл.
  • Жаан, мөндүр жааганда катуу добуш чыгарат.
  • Ысык тартат.
  • Электр тогун өткөрүүчү касиетке ээ.
  • Кызмат кылуу убактысы кыска (15-40 жылга чейин).
  • Ташууда жана жабууда этияттабаса, калыбын жоготуп, мыйрыйып калышы мүмкүн.

ЖУМШАК ЧЕРЕПИЦА (БИТУМ ЧЕРЕПИЦАСЫ)
Жумшак черепицанын курамын тоо чайыры (нефтиден алынган чайыр) жана айнек кездеме түзгөндүктөн, ал ийилчээк болот.

Артыкчылыктары:

  • Көрүнүшү кооз жана каалаган түстү тандоо мүмкүнчүлүгү бар.
  • Чирип кетүү коркунучу дээрлик жокко эсе.
  • Салмагы жеңил.
  • Ташууда, жабууда сынып калуу болбойт.
  • Жумшак болгону менен, калыбын жоготпойт.
  • Жаан-чачында, мөндүр жааганда катуу добуштарды чыгарбайт.

Кемчиликтери:

  • Монтаждоо иши татаал болгондуктан, адистердин жардамы керек. Туура эмес жабылып калса, катуу шамалда сыйрылып түшүп калат. Бири керектен чыкса, аны оңдоп-түзөө үчүн адис керек. Себеби баары бири-бирине желимделип чапталат.
  • Кургак жана жылуу аба ырайында гана жабуу мүмкүн. Себеби жабуу учурунда материалдын температурасы 5 градустан жогору болушу шарт.
  • Нымды өзүнө бат сиңирет. Андыктан анын алдындагы материалдар (жыгач же башка) нымга туруктуу болушу зарыл. Же суу өткөрбөөчү материал жаткырылышы керек. Дайыма желдеп туруусуна шарт түзүү талап кылынат. Болбосо конденсат пайда болуп, чатырдын устундарынын чирип кетүүсүнө алып келет.
  • Өрткө туруксуз.
  • Кызмат кылуу убакыты кыска (15-25 жылга чейин).

КЕРАМИКАЛЫК ЧЕРЕПИЦА
Бул курулуш материалы чопо топурактан бышырылып жасалат. Ошондой эле курамы кум менен цементтен жана термопластикалык заттардан турган черепицалар да чыгарылат.

Артыкчылыктары:

  • Экологиялык жактан таза.
  • Бекем, катуу.
  • Күндүн ысыгын өткөрбөйт.
  • Ным тартпайт.
  • Жаан-чачында, мөндүр жааганда катуу добуштарды чыгарбайт.
  • Өрткө туруктуу.
  • Узак убакытка кызмат кылат (50-150 жылга чейин).
  • Чатырды каалаган мезгилде жабууга болот.
  • Электр тогун өткөрбөйт.

Кемчиликтери:

  • Салмагы оор. Түрүнө жараша 1 чарчы метри 60 килограммга чейин жетет. Андыктан чатырдын устундарынын жүк көтөрүмдүүлүгү жогору болушу шарт. Бул үчүн устундар жакын жайгаштырылып, көбүрөөк каражат кетет.
  • Бекем, бирок морт. Ташууда жана жабууда этияттык талап кылынат.
  • Монтаждоо иши кыйын. Чатыр жабууда атайын адистин жардамы зарыл.

Кубаныч Сыдыкова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Jamalym
2013-07-12 10:38:16
Мен учун эн керектуу материал болду, как раз уйубуздун дубалын которуп жаттык эле, рахмат.
+1
Daniel01
2013-07-12 17:32:50
jakshy maalymatar eken raxmat
0
aizish
2013-07-13 19:01:00
тыникечи?
0
kubatbek_kv
2013-07-20 00:52:15
бааларын да жазып койгулачы???
0
arkar
2013-07-20 18:25:19
ketaylek ,munday qater jappayt, eng koopsuz materiyaldarde ishtetet!
0
№ 557, 05-июль-11-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан