Таластык дыйкандар өндүргөн айыл чарба азык-түлүктөрүн сатуу үчүн Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Тараз шаарына жаңы курулган «Орталык» базарынан алгачкы эки айлык мөөнөт менен акысыз орундар берилет. Бул тууралуу аталган базардын директорунун кеңешчиси, ишкер Автандил Мамытбеков облустагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева менен жолугушуу учурунда билдирди. Бул базар жалпы аянты 22 гектар, Орто Азиядагы ири базарлардын бири болуп эсептелет. «Биз таластык дыйкандардын коопсуздугун толук камсыз кылабыз» деп убада кылышыптыр казак туугандар.
Гүлназ Атантаева
talas@super.kg