Алмагүл Алсейитова, актриса:«ТИРҮҮ ТУРУП ӨЛҮКТӨРДҮН АРАСЫНА КОШУЛУП КАЛГАМ»

Бизде Алсейитова деген атактуу айымдар бар экенин билсеңиз керек. Бири актриса, экинчиси диктор. Үчүнчүсү дагы бир өнөрдүн ээси. Алардын бири – актриса Алмагүл Алсейитова учурда Талас шаардык Капар Медетбеков атындагы драма театрда эмгектенип келет. Биз менен өмүрдөгү өкүнүчү, жашоодогу жыргалы менен бөлүшүп, кызыктуу маек куруп берди.

АЛМАГҮЛ АЛСЕЙИТОВА
Туулган жылы, күнү
– 1960-жыл, 8-октябрь
Туулган жери – Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Боз-Учук айылы
Үй-бүлөдө – 1 уул, 1 кыздын энеси
Аткарган ролдору – «Байтик баатыр» спектаклинде Айымбача (башкы роль), «Маашырбек үйлөнөт» Зыйнат Бекеевна, «Апендинин 5 катыны» спектаклинде улуу аялы Фатиманын ролу жана башка

– Алмагүл айым, сөздү балалыктан баштасак...
– Жакшы болот. Мен Ысык-Көлдүн Боз-Учук деген жеринде төрөлүп-өстүм. Атам парторг болуп иштеп, андан соң башкы эсепчи болуп эмгектенип жүрүп өмүрү өттү. Биз 9 бир тууган экенбиз. Кичине кезинде эле бир сиңдим чарчап калыптыр. Улуубуз Шайгүл эжем, ал дагы актриса, Токтоболот Абдумомунов атындагы театрда эмгектенген. Диктор Тамара эжем да кыргызга белгилүү адам эле, көзү өтүп кетти. Үчүнчүсү Бурулча, ал ырчылыктын артынан кетти. Анан мен, Айнагүл, Болдукан, Сонобек, Чолпон, Айнура. Апабыз 79 жашында бизден кете берди. Баланын кайгысын энеге салбасын деп коёт го. Кыздары катары менен кетип калса күйүткө алдырып, күндөн-күнгө чөгүп, ооруп калды.
Өзүм жөнүндө айта турган болсом, жолдошум экөөбүз 2 баланы тарбияладык. Тилекке каршы, ал киши экөөбүздүн өмүр жолубуз бир эмес экен, ажыраштык. Эми ал жөнүндө эч жаман айткым келбейт. Учурда эки баланын бактылуу энесимин.

– Чыгармачылык дүйнөсүнө кантип келип калдыңыз?
– Мектепти аяктаган соң Кыргыз драма театрынын алдындагы эки жылдык студияга тапшырдым. Ошол жерден менин сүйүктүү кесибимдин пайдубалы курулду десем болот. Андан соң Ташкенттеги Театралдык-көркөм институтка тапшырдым. Ошондон бери актрисалык кесипти аркалап келе жатам.

– Бул кесипти тандаганыңызга эмне себеп болгон?
– Жогоруда айтып кеткендей, эжелеримдин баары чыгармачыл адамдар. Анын үстүнө ар кимди туурап коймой адатым бар болчу. Эсимде, өзүмдүн чоң апамды так өзүндөй кылып туурап чыксам, көргөндөр таң калып, аябай күлүшкөн. Эми эмгегимдин үзүрүн көрсөмбү дейм. «Ушундай бир актриса кызыбыз бар эле» деп элдин эсинде калгым келет. 2-3 жыл иштеп коюп наам алып жатышат, аларга караганда, Кудайга шүгүр, 32 жыл эмгек кылдым. Кыскача айтсам, эжелеримдин жолун уладым десем болот.

– Театр сиз үчүн...
– Театр – менин өмүрүмдүн маңызы. Ансыз өзүмдү элестете албайм, өзүмдү эч кимге керексиз сезем.

– Театрда кайсы жанр сиздин жүрөгүңүзгө жакын же кайсынысын жакшы ачып бере аласыз?
– Негизи, мага трагедия жанры жакыныраак. Бирок башка жанрларды такыр эле ойной албайм дебейм. Бир окутуучум менин комедия жанрындагы аткарган бир ролумду көрүп, «муну универсал деп койсок болот» деп айтканы эсимде. Адамды күлдүрүү кыйын, чындыгында эле комедиянын нюанстарын табуу абдан оор. Ал эми трагедияда болсо, кээде артист адамды ыйлатам деп жатып өзү жашып алат. Андай куру кыйкырык менен адамдын жүрөгүнө жеткире албайсың. Аткарып жаткан ролуңду жүрөктөн өткөрүп, сезип жана аны кайрадан элге тартуулаш керек. Жүрөктөн чыккан нерсе жүрөккө жетет.

– Жолдошуңуз менен кантип таанышып калгансыз?
– Ал филармониянын алдындагы 2 жылдык студияда, мен Кыргыз драма театрынын алдындагы студияда окучумун. Анан биздин жатаканабыз бир эле. 3-кабатында биз, 5-кабатында ал жашайт. Бир күнү ашканадан этибизди уурдап кетет же дагы бир нерсе дегендей. Ошентип убакыт өтө берди. Бирок ал окуусун толук бүтпөстөн эле аскерге кетип калды. Ошентип, бири-бирибизди унутуп калгандай болгонбуз. Ал мени аябай издептир. Театрдын жатаканасында турчумун, анан бир күнү жолугуп калдык, мен тааный албай койдум, «ким эле?» деп. Бир кезде «сен Алмагүлсүңбү?» дейт. Ошентип, 1984-жылы баш коштук, 85-жылы уулум Марлен төрөлдү.

– «Театрды неге тандадым экен?» деп кайгырган күндөр болдубу?
– Чындыгында, жумуштун жеңили жок. Театрды сүйгөндүгүм үчүн «бекер тандаган экем» деген өкүнүчкө дуушар болгон эмесмин. Бирок бир жолу ушундай бир жаман абалга туш болдум. Бир жылы эмгек китепчемди жоготуп алдым, эч жерден таппайм. Күндөрдүн биринде таанышым телефон чалып, «архивден бирөөлөр чалды, жоготуп алган эмгек китепчеңиз көзү өтүп кеткендердин арасынан табылыптыр. «Алмагүл деген жаш эмес беле, эмне, ал өтүп кетти беле?» деп жатышат» деди. Көрсө, өлгөн актрисалардын арасына кирип кетиптир, аны мени көрө албагандар кылса керек деп түшүнүп калдым. Ошентип, тирүү туруп өлүүлөрдүн катарына кошулуп калгандыгым үчүн жаман болуп ошондо бир өкүнгөм.

– Бош убактыңызда эмне кыласыз?
– Эргүү келе калган учурларда бир аз ыр жазам. Көбүнчөсү эжем Тамарага арналган. Эжемдин сүрөттөрүн чогултуп койсом да мен үчүн чоң рахат. Кээде тойлордо Умай эненин милдетин аткарып, жаш жубайларга, үй тойго, сүннөт, бешик тойлорго барып жакшы баталардан берип келем.

– Жашоодогу өкүнүчүңүз...
– Мен тартынчаак, уялчаак жанмын, ошого өкүнөм. Мисалы, «мен муну аткара алам, мен тигини жасай алам, мага мындай роль» дей албаптырмын. Көрсө, мындай нерсе да адамдын жашоосунда керек экен. Эмне берсе ошону аткарып, өзүм батынып сурай албай жүрө бериптирмин. Чыгармачылыктагы өкүнүчүм ушул. Ал эми жеке жашоодо болсо мени түшүнгөн, чыныгы чыгармачыл адам керек болчу. Тилекке каршы, менин жолдошум андай адам болгон жок.

Гүлназ Атантаева
talas@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
gutler
2013-07-09 01:29:02
жакшынакай эже экен,
0
Suslik
2013-07-09 04:17:44
WOW,prosto krasaviza!
0
Саби
2013-07-09 12:56:04
Жолдошу Жаныш Кулманбектов эмес беле же ал синдилеринин куйосу беле.
0
Begim8678
2013-07-11 11:20:07
Чыгармачылыгыныз ташкындап, эл артисти болунуз!
0
abaychik
2013-07-13 18:10:24
Аябай сулуу эже экенсиз, эл артисти болунуз.
0
№ 557, 05-июль-11-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан