Тамара Токтомаметова, балдар үйүнүн директору:«АТА-ЭНЕСИЗ БАЛДАРДЫН КӨҢҮЛҮН ТАБУУ КЫЙЫН»

Ош шаарындагы «Алтын уя» үй-бүлөлүк балдар үйүнө бардым. Бул жердеги 12 баланы каржылоо маселесин шаар мэриясы колго алган. Мамлекет 12 балага күнүнө 85 сомдон тамак-ашына акча бөлүп келсе, мындагы балдар 12ден көп, тактап айтканда, 18 бала тарбияланат. 6 баланын чыгымы балдар үйүнүн директору ТАМАРА айымдын мойнунда.

«БАЛДАР ҮЙҮНДӨ ЧОҢОЮП, БАШ КОШКОН БАЛДАРЫМ БАР»
– Союз тарагандан кийин мурунку балдар үйү да ишмердүүлүгүн токтотуп салды. Андагы балдар ачкалыктан көчө балдарына айлана баштады. Ушул себептен 1993-жылдары мамлекет тарабынан «балдар үйлөрү эмес, үй-бүлөлүк балдар үйлөрү ачылсын» деген токтом чыккан. Мен өзүм педагог болгондуктан, 1993-жылдан тарта жардамга муктаж балдарды үйгө алып келип карай баштадым. Алгач кыйналдым. Ошентип кыйналып жүргөн кездерде Ош шаарынын мэриясына кайрылып, 12 баланы каржылоо маселесин мэрия милдетине алды. 2006-жылга чейин балдарды өзүм каржылап келгем.
Бул жерде чоңоюп, эс тартып, баш кошкондор да жок эмес. Мисалы, Кристина аттуу эки кызым бар. Экөөнүн жашы да тең. Бирин 2010-жылы, экинчисин 2012-жылы турмушка узаткам. 2012-жылы турмушка берген кызым Кристина Назар аттуу кыргыз жигитке чыккан. Учурда Ысмайыл деген уулу бар. Назардын документтери туура болбой жүрүп, эми паспортко документ тапшырды. Документиң жок болсо эч кайда бара албайсың, жумушка да албайт. Кыйналышканынан мен кайра бул жерге алып келип алгам. Кристина тамак жасап, балдарды караганга жардамдашса, Назар отун жарып, суу ташып, үй жумуштарына жардам берет. Ал эми Ислам аттуу балам үйлөнүп, келинчеги экөө иштеп келгени Орусияга кетишкен. Күн алыс телефон чалып, абалымды сурап турушат.

«МАЙЫП БАЛДАРДЫ КАРОО КЫЙЫН»
– Бул жерде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар да бар. 2005-жылы келген Шергазы деген буту баспаган балам бар эле. Баланын абалы жакшырбай, кыйнала берди. Ден соолугунун начардыгына байланыштуу чуркап жүрүп майыптыкка чыгарган элем. Кийин апасын издеп таптым. Апасы да үй-жайы жок аял экен. «Балаң катуу ооруп жатат, алып кет, өзүң кара» десем, ушул жылдын март айында алып кетти.
Дагы бир Файзулла деген бала бар. Тажикстанда согуш чыкканда таенеси бул жакка ала келген экен. Таенеси дудук, а  Файзулланын акыл-эси бир аз кирди-чыкты. Ош шаарындагы №12-мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын мектебине берген элем, окуп жүрүп, ал жактан жоголуп кетти. Бирөөнү ээрчип кетип калыптыр, 3 күн дегенде араң таап үйгө алып келдим. Азыр мугалимди үйгө чакырып окутам.
Майып балдарды караш өтө эле оор. Нышан төрөлгөн бир уул, бир кызыма жакында эле операция жасатып, эми жакшы болуп келе жатышат. Операциядан кийин бирине Роза, бирине Айбек деп ысым ыйгарып койдук. Айбек реанимацияда өзүнө келе албай аябай көп жатты, арыктап, эки эле көзү калды. Ийне саярга эти жок. Врачтар «эже, алып кетиңиз, жакшы болбойт окшойт» дешет. Мен урушам, «мен басып келген баламды бергем силерге, жакшы кылып бересиңер» деп. Үйгө келип ойлонуп, кайра барып алып келдим.
Өзүм үйдө куйрукка ун кууруп, кадимки аталаны жасап, ага кымыз катыктап күнүгө оозуна тамчылатып жатып жакшы болду. Жашы беште, басканы эми басып келе жаткан баладай. Учурда сүйлөп калды. Анча-мынча сөзүнө түшүнбөй да калам. Бирок сүйлөйт, Кудайга шүгүр. Жанында чогуу ойногон башка балдар жакшы түшүнөт. Роза кыйла жакшы болуп калды.
Ар кимисинин ар түрдүү кыял-жоругу бар. Бир жолу телевизордон жарнама чыккан экен, балдар үйлөрү тууралуу. Анда менин балдарымды көрсөтүшүптүр. Бирөөсү ыйлап, «мектепте балдар телевизордон көрүп шылдыңдап жатышат» дейт.
Бир күнү бир кыз келди мага, «балдарыңызды англис тилинен окутуп берем» деп. Мен макул болуп эки баланы бөлүп бердим. Окутуп жатып эле ал кыз келбей калды. Бир күнү апасын ээрчитип торт көтөрүп келиптир. Апасы «кызым ыйлактап жатат, канча көңүлүмдү койсом да, окута албай койдум деп» деди.  Айрыкча жетимдин көңүлүн табыш ушунчалык оор болот.

«ДОКУМЕНТ ИШТЕРИ ТҮЙШҮК ЖАРАТАТ»
– Балдардын документ иштери аябай түйшөлтөт. Учурда таптакыр документтери жоктугуна байланыштуу 3 баланы сот аркылуу өзүмдүн фамилияма өткөрүп алгам. Сотко «ушундай балдарды өзүмдүн наамыма өткөрөм» деп барсам таң калгандар да бар. «Эже, сизге эмнеге керек? Булар сиздин наамыңызга өтсө, эртең сиздин мүлкүңүзгө да шериктеш болот. Чоңойсо мүлкүңүздү талашат» дешет. «Менин талаша турган мүлкүм деле жок, сен өткөрүп бере бер мага. Мен ушулар бир тууган болуп калсын, көчөдө калбасын деп жатам» дейм урушуп. Көчөдө калгандар эмне кылып жатышат? Азыркы селсаяк, киши өлтүрүү, сойкулук менен алектенүү ошол көчөдө калган балдардан келип чыгууда.
Өзүмдүн балдарым капа болуп «неберелериңизди, балдарды эркелетпейсиз» деп калышат. Аларга «Силердин балдарыңарды эркелете турган силер барсыңар, ата-энеси турасыңар кашында, буларды ким эркелетет, мен эркелетпесем?..» десем макул дегенсип калышат.

«ТАМАК-АШЫН КӨЗӨМӨЛДӨП ТУРАМ»
– Балдардын тамак-ашын да такай өзүм көзөмөлгө алып турам. Эртең менен жана айткандай аталаны кымызга катыктап берем, балдар өздөрү да жакшы көрүшөт. Мунун ден соолукту чыңдоого жакшы таасири бар. Эки күн сайын эки тандырга 40 нан жабылып турат. Бул эки күнгө араң жетет. 3 маал ысык тамак берилет. Буга өздөрү да көнүшкөн.
Балдардын улуулары апа дешет, кичүүлөрү балам менен келинимди апа, ата дейт, мени эне деп калышкан. Билим алуусуна да алымдын жетишинче жакшы шарт түзүп бергенге аракеттенебиз. Шаардагы Чайковский атындагы музыкалык мектептен музыкадан билим алышат. «Secom» окуу борборунун кызматкерлери акысыз англис, орус тилдери жана компьютерден сабак өтүшөт. Мындан сырткары өзүбүздөгү «Алтын уя» театралдык студиябыз бар. Балдар бош убактысын мында өткөрүшөт. Ушинтип жашап жатабыз.

Элира Чынтемир кызы
osh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
AskatMoskow
2013-07-08 09:46:38
еже сизге алла ыразы болсун пендеге жардам кылсаныз жараткан алладан кайтсын сиздей борукен адамдар кобойсун ырахмат сизге........
0
Nur_meerim
2013-07-08 14:09:52
Жакшы экен. Сизге ийгилик.. Балдарыныз куйумдуу, кайрымдуу болушсун!
0
altinim
2013-07-08 17:56:53
бул Ленин көчөсүндө жайгашкан балдар үйү эмеспи , дарегин так билсек болобу
0
akrosa
2013-07-08 18:04:36
Кара балтада жетимдер уйу бар экен
менда адашып барып калдым ошол жерде журушот
кыйындар белек алып барып берип анан суротко тушуп атышат ал суротту эмне кылат болду экен?
ар улуттун адамдары журушот жакшылык кылып аткандай сезилеткен сыртынан карасан

бирок ошол балдар менен олтуруп суйлошуп корсон анан билесин
0
nasik198
2013-07-08 22:18:13
Эжеге рахмат,ушул заманда эки-уч баланы карай албай канчабыз жер кезип журобуз.Кочодон таап оз баласындай бапестеп багыштын озу эрдик.Ийгилик сизге,жараткан жар болсун .
0
turgunbek
2013-07-08 23:50:36
алла ыраазы болсун эже сизге балдарыныздын бактына бар болунуз оорубаныз
0
kg_07
2013-07-09 01:26:25
sizdei adamdar kop bolso! emgeginiz tekke ketpei baldariniz akilduu iymanduu bolsun, sizge kaira eki eselep jardam beriwsin kaira!
0
tynara81
2013-07-09 18:23:37
Кудай колдосун эжени. 85 сомдон болунчу акча эмнеге жетет. Кийим кечесине, башка чыгымдарына кайдан алат болду экен каражатты. Чынында 2 балабызды аран багып жургондо дейм да.
0
ira.1972
2013-07-13 15:23:08
Алла ыраазы болсун.Эже сизге бакуубат ден соолукта болуп багып жаткан балдарыныздын урмат сыйын корун!
0
Janulka
2017-12-13 11:22:09
Ошто мындан башка дагы балдар уйу барбы даректерин айтып койсонуздар
0
№ 557, 05-июль-11-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан