КЫЛЫЙ КӨЗДҮ ОҢДОО КЫЙЫН ЭМЕС

«Сулуунун бир көзү кылый» деп коюшат элде. Бирок улуу-кичүү дебей сулуу эместердин арасында да кылый көздүүлөр кездешет. Бул эмнеден келип чыгат? Андан арылып, калыптагыдай көзгө ээ болууга мүмкүнбү? Суроолордун түйүнүн Улуттук госпиталдын №2-көз хирургия бөлүмүнүн көз дарыгери КУНДУЗ БЕКБОЕВА чечмелейт.

– Алгачкы суроо: айтсаңыз, кылый көз бул оору болуп саналабы?
– Ооба, олуттуу оорулардын катарына кирет. Себеби көз оорусунун 10-15 пайызга жакынын ээлейт. Чалыр бул – бир же эки көздүн башка тараптарды карап калуусу.

– Келип чыгуу себептери эмнеден?
– Бул илдетке туш болуунун 2 түрү бар: тубаса жана кийин пайда болгон. Тубаса түрү адам төрөлгөндө эле ошондой төрөлөт.
Кийин пайда болгон түрүн төмөнкү себептер пайда кылат:

  • Бир көздүн көрүүсүнүн кескин начарлап кетиши;
  • Алысты жакшы көрбөө (миопия), жакынды жакшы көрбөө (гиперметропия);
  • Стресс;
  • Борбордук нерв системинин оорулары (башта кан уюп калуу, баштын шишиги жана башка);
  • Көз булчуңдарынын тубаса аномалиясы (нормадан четтөө);
  • Шал болуу же көз булчуңдарынын алсыздыгы;Жугуштуу оорулар (сасык тумоо, кызамык, менингит жана башка);
  • Абдан катуу коркуп калуу;
  • Соматикалык оорулар (күйүк, ички органдардын оорулары, дененин бир жеринен, өзгөчө көздөн же баштан катуу жаракат алуу жана башка).

Айта кетчү нерсе, кылыйлык тукум кууйт. Бирок 100 пайыз эмес, укум-тукумдардын кээ бирлеринде гана кездешет.

– Көздүн кыйшаюусу түрдүүчө болобу?
– Ооба. Айтсак, көз ичкери (мурундун кайкысы тарапты) же сыртты (чыкыйды көздөй), же вертикалдуу (өйдө-төмөн) карап калат.
Кылыйлыктын кээде гана кармай турган жана биротоло калыптанган түрү да бар. Кээде кармаган түрү адам стресске кабылганда же бир нерседен чочуп кеткенде, жыгылганда жана башка учурда пайда боло калып, анан жок болуп кетет. Так диагноз коюу үчүн невропатологдор жардамга келет.
Чалырлыктын дагы бир белгиси болуп көздө экөө болуп көрүнүү (көздөрдүн эки башка тарапты карап калуусунан улам), баш айлануу, бир нерсени караганда башты бир жакка кыйшайтып кароо эсептелет. Соо адам бир нерсени караганда аны эки көзү менен тең көрсө, кылый көздөрдүн бир көзү гана көрүп, экинчиси аны көрбөйт. Бул жүрүп отуруп көрүүнүн начарлашына алып келет.

– Диагноз коюу үчүн эмнелер керектелет?
– Атайын текшерүү жүргүзүлөт. Мисалы, көздүн кыймылы, көрүүнүн деңгээли, каректин абалы жана башкалар.

– Дарылоо жолдорун айтсаңыз...
– Баланын кичине кезинде чалырлыгы билинер замат врачка алпаруу оң. Анткени көздөгү булчуңдар туура эмес жайгашкан болсо, аны атайын көз айнек жана коррекциялоочу көнүгүүлөр менен калыпка келтирсе болот. Ал эми бала чоңоюп, 18-25ке чыгып калгандан кийин кылыйлыктан арылтуу кеч болуп эсептелет. Себеби көз булчуңдары катып, калыпка келтирүү кыйындайт.
Аппараттык дарылоо ыкмасы (Сидоренко, Синоптофор көз айнеги) да колдонулат. Бул көрүүнү калыпка келтирет. Кылыйлыкты жоюу айларга, ал тургай жылдарга созулуп кетиши мүмкүн. Андыктан ата-эне чыдамкайлыкты көрсөтүп, баланын келечегин ойлоп, аягына чейин дарылатуусу кажет.
Дарылоодогу дагы бир ыкма – операция жасоо. Жаш балдарды 4-6 жашында көзүнө операция жасатса жакшы. Операция оорунун оор-жеңилине жараша 1 же 2 этап менен өтүшү мүмкүн. Оорулуу 4-5 күндөн кийин үйүнө чыгып, 3-4 ай бою дарыгердин көзөмөлүндө болот.

– Оору эмнеси менен коркунучтуу?
– Көргөн нерселерди туура эмес кабылдоо жана көрүүнүн улам төмөндөй бериши менен коркунучтуу. Косметикалык ыңгайсыздык да жаралат. Көбүнесе жаш кыздар кылыйлыктын айынан турмушка чыкпай, элден оолак жүрүп калышат. Мектеп балдарынын психикасына доо кетет. Анткени теңтуштары аларды түркүн сөздөр менен басынтышы мүмкүн.

– Өз алдынча көнүгүүлөрдү жасаса болобу?
– Жок, көнүгүүлөр диагнозго гана жараша жүргүзүлөт. Бул үчүн атайын түзүлгөн программа бар. Канчалык врачка эрте кайрылса, ошончолук эртерээк көздү калыпка келтирүүгө болот.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
admin_media
2013-07-08 10:40:56
uluk1982,
Башка сайттарды жарнама кылууга тыюу салынат!
3 күн банга!
0
dariy
2013-09-16 18:54:59
Жакшы кенеш экен рахмат.
0
№ 557, 05-июль-11-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан