СЁРФИНГ ЭКСТРЕМАЛДЫК СПОРТТУН ПАДЫШАСЫ

Кээ бирлер парашюттан секирүүдөн же асман тиреген чокуну багынтуудан рахат алса, сёрфингди сүйгөндөр үчүн жашоонун эң негизги бөлүгүн толкун, тактай менен адреналин түзөт. Сөз кайсы жерде бийик толкун болсо артынан калбай жүргөн сёрферлер жана бизге жакындан тааныш эмес сёрфинг спорту жөнүндө болуп жатат. Сёрфинг менен машыккандар «бул баңгизат сыяктуу, бир жолу тактайда тургандан кийин аны таштоо мүмкүн эмес» дешет.

КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР

  • Эң бийик «Жоуз» толкуну Гавайиде кездешип, бийиктиги 20 метрге чейин көтөрүлүп, жээкти көздөй болгон ылдамдыгы 50 км/саатты түзөт.
  • Жаракат алуу жагынан сёрфинг чуркоо спорту менен барабар.
  • Америкалык 41 жаштагы Келли Слейтер сёрфинг боюнча 11 жолу Дүйнөнүн чемпиону болуп, сёрфинг тарыхында эң ийгиликтүү спортчу аталып келет. Ал скейтборддо жасалчу татаал ыкмаларды сёрфинг спортуна кошуп кызыктуулугун арттырган.
  • Сёрфинг менен алектенген белгилүүлөрдүн арасында Орландо Блум, Дэвид Бекхэм, Кэмерон Диас, Адам Сэндлер, Пэрис Хилтон, Женнифер Энистон, Валерия жана башкалар бар.Сёрфинг тууралуу «Дрифт», «Толкунду багынткандар», «Көгүлтүр толкун», «Толкундун шарында сүзүү», «Коста-Рикадагы жай», «Сёрфер» аттуу тасмалар, ошондой эле «Лило жана Стич», «Толкунду кармап кал» аттуу мультфильмдер тартылган.

ТАКТАЙДАН КУЛАСАҢ ТАКТАН КУЛАГАНЫҢ...
Сёрфинг – англис тилинен которгондо «жүрүү», «бир нерсенин үстүндө жүрүү» дегенди билдирет. Болжол менен IV кылымдарда Таити аралынын жашоочулары балык кармоодо жээктен жээкке жетиш үчүн жыгач тактайларды пайдаланышкан. Кийинчерээк миграциянын натыйжасында калк отурукташып калгандыктан, көпчүлүк Гавайи аралдарын «сёрфингдин мекени» деп аташкан. Ошол убактарда сёрфинг «падышалык спорт» деп аталып, падышалар гана ойношкон. Ал мезгилде карапайым адамдарды толкунда сёрфинг менен ойногону үчүн өлүм жазасына тартышкан. Падышалык спорттун өзгөчөлүгү, эгер падышаны толкун суу үстүндө туруучу тактайынан кулатса, демек, тагынан кошо кулады деп билишкен.
Сёрфинг 1960-жылдары гана кеңири тарап, атүгүл модага айланып, АКШ жаштарынын колунан сёрфинг тактайлары түшпөй калган. Ал эле эмес, спорттун бул түрү искусство тармактарына кеңири тарап, атайын сёрф-рок деген музыкалык багыт пайда болгон. Кино тармагында болсо азыркыга чейин түрдүү жанрдагы фильмдер тартылып келет. Ошентип, сёрфинг океан жээгине жакын жашаган Австралия, Америка, Япония сыяктуу өлкөлөрдүн жана Гавайи аралдарындагы жаштардын жашоо образына айланган.

СПОРТ КАТАРЫ
Спорт катары 1970-жылдардан бери ойнолуп келет. Жыл сайын сёрфинг чеберлери арасында Дүйнө чемпиондугу өткөрүлүп турат. Жеңүүчү толкунда жасаган түрдүү ыкмаларга коюлган упайлардын жыйынтыгы менен аныкталат. Азыркы заманбап сёрфингде скейтборд, сноуборд тактайлары менен жасалган ыкмалар колдонулат. Эң негизги атаандаштык америкалык жана австралиялык спортчулар арасында өтөт.

ТОЛКУНДУ ТОСЧУ ТАКТАЙЛАР
Алгачкы тактайлардын узундугу 3-7 метр, салмагы 70 килограммга чейин жеткен. Учурда 3 метрлик лонгборд тактайы жана 180 сантиметр болгон шотборд тактайлары колдонулат. Сёрфингдин түрлөрүнө, толкундун бийиктигине, сёрфердин тажрыйбасына карата тактайлар тандалат. Эң негизги айырмасы, сёрфер канчалык тажрыйба топтогон сайын тактайдын кыскасын пайдалана баштайт. Колдонулуучу тактайлардын негизги түрлөрү булар:
1.Шотборд – тажрыйбалуу сёрферлер үчүн кыска тактай. Чоң толкундарда бат кыймыл-аракеттер менен секиргенге, скейтборддо жасалуучу татаал ыкмаларды колдонууга ылайыкталган.
2.Лонгборд – сёрфинг спорт катары ойноло баштагандан бери колдонулуп келген тактай. Азыркы күндө да эң көп пайдаланылат.
3.Фиш – шотборд тактайына окшош. Айырмасы, кыска жана кенен келет.
4.Ган – шотборд тактайынын узун түрү. Бийик толкундарда колдонулат.

КЫРГЫЗСТАНДА
Чыныгы таза сёрфинг менен чоң толкун болгон жерде гана машыкса болот. Ал эми океан жээктеринен алыс өлкөлөр сёрфингдин жеңил түрлөрү менен машыгып жүрүшөт. Акыркы убакта Ысык-Көлдө сёрфингдин парустуу түрү менен машыккандарды же жаңыдан үйрөнүүгө бел байлагандарды көзүбүз чалып калат. Виндсёрфинг деп аталган сёрфингдин бул түрү менен чоң толкун жок көлдөрдө деле машыкса болот. Эң негизгиси, шамал жүрүп туруш керек. Шамалдын багытына карап тактайдын четине туруп башкарылат.
Мындан тышкары Кыргызстанда сёрфингдин кайтсёрфинг же кайтинг деп аталган түрлөрү да колдонулат. Кайтинг үйлөтүлүп асманга учурулган аба жыланы (воздушный змей) менен сүйрөлөт. Адам тактайга туруп, учурулган аба жыланына тартылган жип аркылуу бара жаткан багытын башкарат. Демек, так ушул кайтинг менен виндсёрфинг түрүн биздин өлкөдө жайылтса болот. Бир гана эс алуучулардын эмес, кийинчерээк жергиликтүү жаштардын да сүйүктүү спортуна айланышы мүмкүн.

Айбала Эргешов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 557, 05-июль-11-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан