ТАКСИСТТИ МЫКААЧЫЛЫК МЕНЕН ӨЛТҮРҮШКӨН

Оңой оокатка кызыгып, арам акча табууну көздөгөн кылмышкерлер колго түштү. МАИ кызматкерлери жол эрежесин бузган автоунааны тоспогондо дагы бир оор кылмыштын бети ачылбай калмак экен.

«КЫЛМЫШКЕРЛЕРДИ КУУП ЖЕТПЕЙ КАЛДЫК»
«Таксистти өлтүрүп, өзүнүн машинасына салып келе жатып кармалышыптыр» деген кеп өткөн аптада уу-дуу болду. Бул окуяга күбө болгон Чүй ОИИББинин жол көзөмөлдөө кызматынын кызматкери МУРАТ МОМУНАЛИЕВди кепке тарттык:
– Үстүбүздөгү жылдын 23-июнга караган түнү болжол менен саат 01:45 чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылынын тушунда, Бишкек-Кордай жолунда кесиптешим экөөбүз өз кызматыбызды өтөп жатканбыз. Аңгыча жол эрежесин бузгандыгы үчүн күмүш түстөгү Мазда-626 үлгүсүндөгү автоунааны тоссок, токтобой качып жөнөдү. Артынан куудук. Анан Аламүдүн айылына жеткенде качып бара жаткан автоунаа эки жолу чимирилип кетип, айлана чаңдап эле калды. Машинадан болжол менен 20-25 жаштардагы азиат түспөлүндөгү 2 жигит түшө качышты. Бири кызыл түстөгү, экинчиси чатыраш көйнөкчөн экен. Аларды кууп жетпей калдык. Автоунааны текшерүүгө алганыбызда, артындагы жүк салынган жерден бети-башы канга боёлгон, бир кулагы катуу соккудан улам айрылып кеткен азиат түспөлүндөгү жаш жигиттин жансыз денесин көрдүк. Бул тууралуу ошол замат Аламүдүн РИИБине кабарладык.

«ООРУКАНАГА АЛЫП БАРАТКАНБЫЗ»
Окуя болгон жерге ыкчам иликтөө кызматкерлери келип текшергенде унаанын ичинен 24 жаштагы Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылынын тургуну Тилектеш Түлөбердиевге таандык Мазда-626 үлгүсүндөгү автоунаанын техпаспорту жана канга чыланган желим таяк табылган. Ошондон улам маркум автоунаанын ээси экендиги такталган. Бул иш боюнча тез аранын ичинде кылмыш иши козголуп, жыйынтыгында кылмышка шектүү деп окуя болгондун эртеси күнү 23 жаштагы классташтар ДАНИЯР СРАЖИДИН УУЛУ жана ЧЫҢГЫЗ ШҮКҮР УУЛУ кармалышкан. Алдын ала божомолдор боюнча, алар маркумдун сөөгүн эч кимге билдирбей ээн талаага таштап, андан соң автоунаасын өздөрү айдап кетүүнү көздөшкөн. Тергөө учурунда ДАНИЯР СРАЖИДИН УУЛУ жасаган кылмышын мындайча баяндап берди:
– Орусиядан келгениме 3 эле күн болгон. Чыңгыз деген дос балам экөөбүз «Аламүдүн» базары жактан такси кармап, Виноградное айылына чейин 1000 сомго жеткирип коюуга сүйлөштүк. Жетчү жерге жеткен соң таксист «алыс экен, үстүнө дагы 500 сом кошосуңар» деди. Биз «сен өзүң макул болгонсуң, кошпойбуз» дедик. Ошентип, уруш чыгып кетти. Тиги машинасынан желим таяк алып чыгып мени чаап жиберди. Ошого жинибиз келип, анын колунан таягын тартып алып, өзүн сабап, өлтүрүп алдык.

 


Кылмышка шектүү ЧЫҢГЫЗ ШҮКҮР УУЛУ:
– Бишкекте куруучу болуп иштечүмүн. Данияр экөөбүз жолугуп, анын кайненесинин үйүнө бармакчы болуп такси кармадык. Жолдон токтоп, дүкөндөн конфет, сыра жана бычак сатып алдык. Бычакты телефондон Даниярдын кайненеси ала келгиле деген. Биз мас болчубуз. Жеткен соң чыр чыгып, мушташа кеттик. Досум желим таякты таксисттин колунан тартып алып, 2-3 жолу чаап салды. Ачуубуз тарап, таксистти карасак өлө элек болчу. Ооруканага жеткирели деп машинанын ичине салсак батпай койду. Анан ыңгайлуу жатсын деп машинанын артындагы жүк салуучу жерине жайгаштырдык. Оорукананы көздөй айдап баратсак, бизди МАИ кызматкерлери тосконунан качып, бир жерге машинаны таштап кетип калдык.

 

«ТЕРГӨӨ ЖҮРҮҮДӨ»
Бул факт тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын ага тескөөчүсү АЙБЕК АРЗИМАТОВ буларга токтолду:
– Жогорудагы кылмышка тиешеси бар деп шектелип 1990-жылы Ош облусунун Ноокат районунда туулган Чыңгыз Шүкүр уулу жана Данияр Сражидин уулу аттуу 2 жаран кармалды. Учурда алардын үстүнөн Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин 2-пунктунун 6-бөлүмү (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери улантылууда.

«ИНИМ УШУЛ КҮЗДӨ ҮЙЛӨНМӨК»
Уулун жоготкон ата-эненин күйүтү канчалык күчтүү экендигин айтпасак да белгилүү. Ал эми бир тууган эжеси НУРИЛЯ ТҮЛӨБЕРДИЕВА иниси тууралуу мындай эскерет:
– Тилектеш бир туугандардын арасында жалгыз уул болчу. Ата-энемдин тиреги эле. Ата-энем иним үчүн бардыгын жасап, ал үчүн жашап келишкен. Инимдин өлүмү аларга аябай оор болду. Атам иштебейт, апам автокырсыктан улам майып болуп калган. ЖОЖдогу окуусун аяктагандан кийин иним 2 жылдан бери такси айдап, ата-энебизди багып жүрчү. Күндүз бир ишканада эсепчи болуп иштеп жүргөн. Ушул жылы күзүндө үйлөнтөбүз деп камынып жаткан элек. Кыздардын арасында өскөнгөбү, айтор, аябай жоош бала болчу. Анан тамашакөй болгондуктан, элдин баары менен тил табышып кетчү. Бир да жолу анын тамеки чегип, арак ичип, сөгүнгөнүн көргөн эмесмин. Достору жаман жактарын көрбөгөнүн айтышса, байкуш иним үйдө эле эмес, көчөдө да жоош экен деп ойлоп койгом. Кылмышкерлерге мыйзам чегинде катуу жаза берилет деп ишенебиз.

Ошентип, бейкүнөө жигиттин кырчындай өмүрү кыйылды. Эми маркумдун жакындарынын «жалгыз уулубузду өлтүргөндөр татыктуу жазасын алышсын» деген талабы орундалып, сот акыйкат чечим чыгарарынан үмүтүбүздү үзбөй туралы.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн таксист
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (26)
Makedonia
2013-07-08 16:50:04
Арты кайырлуу болсун. 2келесоонун айынан жаш бала кете берди...
0
eldiyarmacho
2013-07-08 18:46:38
пешенеда эми аны кунолойбуз буну кунолойбуз пешенеге жазып койсо качып кутула албайсын.
0
omurbek9393
2013-07-08 21:10:16
500 сом мына мынтип бироону аркы жака бироолорду темир тор артына катып койду. Жаткан жери жайлуу болсун!
0
Paulina
2013-07-12 19:39:29
omurbek9393, кайдан билесин 500 сом учун уруш чыкканын! Экоонун жооп бергени эки болок болуп жатпайбы.Кайненеси бычак Ала келгиле деген деп, анан да мас болушса. Ким билет мындай адамдардан эмнени кутушту.
Арты кайырлуу болсун.
0
altinim
2013-07-09 09:33:07
кудайым мынчале бузукулар көбөйгөндөн көбөйүп баратат акыры эркектерго 500 сом үчүн ушунчалык айбанчылыка барышабы , акча арак деп бири бирин кырып бүтмөй болдуго дебилдер
0
Uulkan2288
2013-07-09 10:58:21
Эмнеге азиат улутундагы дейт? Кыпкыргызга эле окшоп турат го үчөө тең.
0
altinim
2013-07-09 11:45:24
Uulkan2288, ошо биз азиатпызда
0
monchok
2013-07-09 12:44:04
Uulkan2288, Хехе )))))))
0
antivir
2013-07-11 01:18:29
monchok, бироого олум, бироого той!
0
mayoral
2013-07-09 12:56:32
Жайы жаннатта болсун! :(
0
gangster90kg
2013-07-10 12:29:27
ушуга окшогон башы жок артын ойлобогондор куйгузду айдоочуда не куноо десен!!!
0
jguar
2013-07-10 19:56:13
Маркумдун жайы жанната болсун!
мыкаачы адам олтургучтор турмодо чирисин!!!
0
Taalaibek.
2013-07-11 05:27:40
Уруш бир тараптан чыкпайт, эки тараптан чыгат.
0
Beka_89_kg
2013-07-11 13:09:06
жалгыз бала экен ата энесине оор болду жаткан жери жайлуу болсун
0
indira.1991
2013-07-11 16:54:11
жаткан жери жайлуу болсун. жакындарына аллахым сабыр берсин
0
saikal.97
2013-07-12 09:19:12
Еки колду чапса ун чыгат...
Кылмышкерлердин создору анча деле окшобойтко,аран жетишип,келишип алгап сынарындай.
Кандай болсода маркумдун жаткан жайы жайлуу,барган жери ЖАННАТТА болсун.
0
konfetka_love
2013-07-12 11:37:17
Жаткан жери жайлуу болсун!
0
zamirbeka
2013-07-14 00:35:11
Колунарга шал тийгирлер!бироонун жалгыз баласынан айрылтынар силердей акмак жексурларды жер-эне кантип которуп журот?силерге наалат айтам,эненин коз жашы силерди соо койбосун!жаткан жерин жайлуу,топурагын торко болсун иним!
0
Nurzada88
2013-07-20 21:30:07
Акмактар оз жазаларын алышарына ишене албай турам, себеп азыр акчан болсо эле сени апапакай кылып,же болбосо куноосун женилдетип эркиндикке кое берип жатышпайбы? Маркумдун жайы жаннаттан болсун!
0
№ 557, 05-июль-11-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан