МЕКЕНДЕШИБИЗ ОРУСИЯДА СЕЛСАЯК БОЛУП КЕТКЕН

Чет өлкөдөн бакыт издеген мекендештерибиздин саны жылдан жылга өсүүдө. Арасында өз укугун, бара жаткан өлкөнүн тилин билбегендери жана селсаяк болуп кеткендери да бар.

«САБАП КЕТИШИП, КӨЗҮМ КӨРБӨЙ КАЛДЫ»
Орусияга иш издеп барып, тилекке каршы, ойлогон ою оңунан чыкпай, көп жылдан бери селсаяк болуп күн кечирип келген БАХАДЫР ХАКИМЖАНОВ 2013-жылдын 8-июнунда мекенине кайтып келди. Ал башынан өткөн күндөрүн баяндап берди:
– Мен Ош облусундагы Өзгөн шаарынын тургунумун. 2005-жылы иштеп акча таап келейин деп Татарстанга кеткем. Бирок жолдон бир таанышым мага Орусиянын Тюмень шаарында жакшы жумуш бар деп айтканынан ал жакка кетип калдым.
Башында аны менен чогуу жашап, ар кайсы жумуштарда иштеп жүрдүк. Көчө шыпырдык, эмгек биржасында иштедик. Кыргызстанда келинчегим, 1 уул, 1 кызым калган. Кызым мен Орусияда жүргөндө турмушка чыгыптыр. Тапкан акчамды үй-бүлөмө салып турдум. Анан досум дайынсыз жок болуп кетти. Кайда кеткенин билбейм. Ал кеткен соң куруучу болуп иштеп жүрүп паспортумду жоготуп алдым. Ошол күндөн тарта кыйнала баштадым. Орусча да билбейм, паспортсуз ишке орношо албайсың. Полиция кызматкерлери келип документиңди сурайт. Жок болсо суткалап камап, кайра коё беришет. Балдарым телефон чалса «иштеп жатам, баары жакшы» деп коюп жүрө бердим.
Акыры бир мектепке кароолчу болуп орноштум. Мага атайын бөлмө бөлүп беришти. Кезектешип иштейбиз. Тапкан акчам ичкен-жегениме араң жетип турду. Чынын айтсам, кээде ичип коём. Кыштын ызгаарында жата турган жер таппай көчөдө калган күндөр да көп болду. Ошентип жүрүп ден соолугумдан ажырадым. Мындан он күндөй мурун сол көзүмдөн айрылдым.
Бир жолу кечинде дүкөнгө келгем. Эшиктин алдында 3 орус бала арак ичип отурушкан экен. Анан мени көрө сала «тамеки, сыра албайсыңбы» деп тийише башташты. «Акчам жок» десем, үчөөлөп сабап салышты. Сол көзүм мурда ооруп жүрчү, дагы катуу сокку тийген экен, минтип көрбөй калдым. Мени Тюмендеги ооруканага жаткырышты. Ал жактан врачтар «көзүңүзгө операция жасаш керек, бирок документиңиз жок экен, биз жасай албайбыз» деп коюшту. Ооруканада 3 күн дары-дармек берип, көзүмө тамчылатма дары куюп, андан соң чыгарып коюшту.
Бир күнү Тюмень шаарындагы кыргыз диаспорасында иштеген аял мени байкап калыптыр. Ошентип, ал жактагы кыргыз диаспорасы жана «Замандаш» ассоциациясынын жардамы аркылуу мекениме кайтып келдим. Алар убактылуу паспорт жасатып, жол киремди төлөп беришти.
Чынын айтсам, үйгө кантип барарымды билбейм, үй-бүлөмдөн, туугандарымдан уялып турам. Меникиндей тагдырды башкаларга каалабайм. Азыр да чет өлкөлөргө жаштар көп кетип жатышат. Аларга айтарым, документиңерге сак болгула. Тилди сөзсүз билип жана бара турган жагыңда таанышың болуш керек экен. Азыр мени тосуп алгандар Өзгөнгө салышат. Ал жактагы тааныштарына чалышып, медициналык жардам көрсөтөбүз деп убада кылышты. Үй-бүлөмдү аябай сагындым, экинчи башка өлкөгө кетпейм.

«КААРМАНЫБЫЗ АВТОУНАА УУРДАЙ КАЧКАН»
Кээде мигранттар кыйын тагдырга кабылуусуна ичкиликтин же жосунсуз жүрүм-турумдарынын айынан өздөрү да күнөөлүү болушат. Каарманыбыздын бизге
айтпай жашырып койгон жоруктары тууралуу «Замандаш» ассоциациясынын басма сөз кызматкери ЭРКИН УРМАНБЕТОВ буларды билдирди:
– Биз чет өлкөдөгү кыргыз диаспоралары менен тыгыз байланышта иштеп келебиз. Маалыматыбыз боюнча, Бахадыр Хакимжанов Орусиянын Тюмень шаарында селсаяктык күн кечирип келген. 2013-жылдын 19-мартында бул адам мас абалында ВАЗ 2104 автоунаасын уурдай качкандыгы үчүн полиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Сотто ал кылган күнөөсүн толугу менен мойнуна алган жана «жаш балдарым бар» деп күнөөсүн жеңилдетүүнү суранган. Жыйынтыгында сот жабырлануучу тарап арызын алып койгонуна байланыштуу каарманыбызды 30 миң рубль айыпка жыккан. Бирок ал бул акчаны төлөй албай 2 ай камакта жаткан.
Кыргыз диаспорасы ага документ жасоодо мына ушул жоруктары тоскоолдук жаратты. Бирок акыры мекендешибизди Кыргызстанга салып, биз аны тосуп алып, Өзгөнгө такси менен салып жибердик. «Жеткенде байланышып коюңуз» деп байланыш телефондорубузду бергенбиз. Ал үйүнө жеткен-жетпегенин бизге айткан жок.
Жогорудагы каарманыбыздын тагдыры башкаларга сабак болор. Мекендештерибиз чет өлкөгө чыгарда сөзсүз түрдө тиешелүү мекемелерге кайрылып, алардан кеңеш алышса, мындай көрүнүштөр азаймак.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (34)
zarifa_love
2013-07-09 18:33:55
мен дагы россияда иштеп жатам.бизде кыргыздар аз аябай ,бир базарда 10 го жакын кыргыздар иштешет ,аябай жетишкен алар ,бир да кыргыз бомж ,же жаман кыз коро элекмин .кудайга шугур
0
roy
2013-07-09 19:25:23
Бардыгы арбир адамдын озунон тарбиясынан тагдырынан Арбир коомдо кыйынчылыктар азаптар болгон Биз кырызстан жаны осуп келе жатабыз тарыхты окусанар эч бир олко эч бир жаран кыйналбай туруп жакшылыкка жеткен эмес Буйурса баары жакшы болот
0
kg_07
2013-07-09 22:50:53
turunon ele bilinip tursat go kandai adam ekeni Tajik ozbekterdi kg jiberbei ele koiso I tak owolordun azabin tartip jatat baikuw ow jaktagilar
+1
love.is
2013-07-10 12:47:21
мендагы Якутияда иштейм бирок бул жакта аябай кыргыздар коп кор болгонун корбодум эмнеге улуту башка адамды биз мекендешибиз дейбиз кор болуп ошол жерде калып кетпептир менин оюм ошондой силер кандай дейсинер достор мен аны билбедим.
0
AshatMJ89
2013-07-10 14:12:19
love.is Кыргызстандын жараны болсо мекендеш дейбиз да. "Город 312" тобун деле мекендешибиз дейбиз да туурабы?
0
belosnejka1
2013-07-11 09:43:16
Казактарга кул болуп жургон кыргыз бомждарга да жардам бергилечи
0
aziz2000
2013-07-11 11:54:33
м.Выхинодо да 3 кыргыз жигиттери бомж.жашы 30-40 куракта.сасып кетишкен,уйго алып барып жууп-тарап коеюн деймин,бирок ишенбей кетем.корком.туугандарын жоготкондор ,келип коргуло,таанысанар алып кеткенге жардам беремин.
0
aika2009
2013-07-11 19:26:30
эмнеси болсо да кудай таала озу сактасын
,ар кандай случай болуп кетет россияда!кудай сакта деп эле ар ким озун карап озуно тын болсо баары жакшы эле болот деп ойлойм!
0
vangolu
2013-07-11 20:58:55
ulitsa podbel'skogo metrodo ichkikikke berilgen kirgizdar toltura.ohota devyatka obolon' degen pivolordu ichishet
0
Leily.KG.94
2013-07-12 11:17:54
урааа мен жакында кайтам мекениме )))))))))))
0
mskkg88
2013-07-12 13:34:05
Рашкада жургон лохтордун бири турбайбы. Башы иштебесе, бутуна куч келет.
озу куноолуу. негизи эле алкаш же байкуш башы иштебеген лохторго жардам бербеш керек.
0
mskkg88
2013-07-12 13:35:29
Башка чет жерде озун тын алып журбогон кыргыздарга боорум оорубайт.
Озулору куноолуу. Ошондойлордун Кыргызстанга бир да пайдасы жок, наоборот озуно окшогондорду тороп, генофондду бузат.
0
vikarus
2013-07-13 12:27:32
ayzatushka мен да сизге 100% кошулам андай чооң кишилер жаш кыздарга тийишкенде үйүндө өзүнүн кызын же карындашын эске алса болмок. Балдар да кыздарды башка көз менен карашат туура жаман жүргөн кыздарда толтура бирок беш кол тең эмес демекмин. Бузулам деген кыздар өз жеринде ата энесинин жанында жүрүп деле жаман жолдо жүрүшөт. Кыргыздар башка бөтөн жерде бири бирибизди сыйлап урматта
0
talgat97
2013-07-20 16:47:49
ал озбекти байкуш деген бул чоооооооон куно. Аларды коруп боорун оруйт жакшы карасан жашо шарты баары жакшы оздору бомжга окшоп журот.
0
bey
2013-08-03 23:18:36
Бул Озгондук эмес.. бул тажик ..аты Фархад ойношу кыргыз эже ...Жалалабатан Мундуздан болот жеткен аферистер ...канча кыргызды алдап акчасын алып качып журот ..аты-жону Элмира Бекмуратова ...бул тажик кыргызмын деп жанын жеп жалган суйлогон экен да .... жакшылап териштирип анан жонотсонор болмок кыргызмын десе эле калдактап калбай...
0
№ 557, 05-июль-11-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан