Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин айыгышкыс душманы, оппозиционер, миллиардер-олигарх, банкир Мухтар Аблязовго өткөн жылы Кыргызстандын паспорту берилген деген маалымат ушул жылдын жаз айларында айтылган эле. Бул ишти кыргыз-казак коопсуздук кызматкерлери бирге иликтеп чыгышты.
Иликтөөнүн жыйынтыгында белгилүү болгондой, Чүй облусуна караштуу Аламүдүн райондук паспорт бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Нуржамал Үсөнова өткөн жылдын этегинде жасалма мөөр, жетекчилердин жасалма кол тамгасы менен Мухтар Аблязовдун сүрөтү чапталуу 1965-жылы туулган Нурдин Осмонов деген ысымдагы паспорт даярдап бергендиги аныкталды. Учурда бул кызматкер иш ордунан бошотулган.
Бүгүнкү күндө качкында жүргөн Аблязов 2009-жылы өз мекенинен чыгып кеткен. Казакстандын Атырау шаардык соту качкын миллиардердин үй-бүлөсүнө чет өлкөгө чыгып кетүү үчүн мыйзамсыз документ жасап берген бир нече адамды 9 жылга чейин эркинен ажыраткан болчу. Ушул айдын башында Рим шаарынын полициясы Мухтар Аблязовдун аялы менен кызын алардын жанынан Борбордук Африка Республикасынын жасалма паспорттору табылгандыгы үчүн кармашып, Казакстанга өткөрүп беришкен. Аблязов кезинде коңшу өлкөдө энергетика, өндүрүш жана соода министри, БТА банкынын башчысы сыяктуу бир катар жогорку кызматтарда иштеген.
Өз учурунда казак лидеринин элдешкис душманы тим жатпай, интернеттеги баракчасы аркылуу Кыргызстандын паспортун албаганын жазып, муну казак бийлиги тарабынан жасалган «кара пиар» деп атады.
Мамлекеттик каттоо кызматы өз мекемесинде структуралык өзгөрүүлөр, коррупцияга каршы күрөшүү иштери жүрүп жатат деп билдирип келгенине карабай, казак олигархына Кыргызстандын жасалма паспорту берилгендигин пландык текшерүүдө өздөрү аныктап чыгышкан. Бирок ушундай чуулгандуу окуянын жоопкерчилигин катардагы кызматкерине оодара салуу жана аны кызматтан четтетүү менен кутулуп кетүү кадыресе көрүнүшкө айланууда. Мисалы, былтыркы жылы эле Казакстандан алынып келинген уулуу көмүргө башында министрлерден өйдө күнөө тагылганы менен, акыр аягында эң ылдыйкы тепкичте турган врач-радиолог айыптуу болуп чыга келгени белгилүү.
Паспорт берчү бул кызматтын буга чейин да көп былыгы чыгып келген. Мисалы, акыйкатчы Турсунбек Акунду иш ордунан шыпырып түшкөн Батукаев окуясында дал ушул орган «мыйзамдагы ууруга» кыска мөөнөттө паспорт жасап берип, анын өлкөдөн шашылыш чыгып кетүүсүнө көмөктөшкөн делген. Дагы бир уу-дууну жараткан иш – жаш ди-джей жигит, токмок уусунан көз ачпай кете берген Жаныбек Айдаралиевди сабаган ЖКнын депутатынын жардамчысы Максат Эралиевдин 7 паспорту бар болуп чыккан. Кыргыз паспорттору чет өлкөлүк уюшкан кылмыш топторунан жана террористтик уюмдардын мүчөлөрүнөн табылган фактылар да кездешкен.
Партиялык башкаруу тушундагы бул кызматтын тизгини «Ар-намыс» фракциясына тиешелүү болуп, аны түздөн-түз Феликс Кулов көзөмөлдөп турары белгилүү. «Темир генералдын» Мамлекеттик каттоо кызматын көзөмөлгө алуу аракети, атүгүл менчиктештирип алгандай түр көрсөткөнү коомчулукта жийиркенүүнү жаратып келет.
Өлкөбүздө бала бакчадагы орундан баштап, мектеп аттестаты, ЖОЖ диплому, ишке орношуу, айдоочулук күбөлүгү, деги койчу, шайлоо учурундагы элдин добушуна чейин акчаң болсо, дээрлик баарын сатып алчу деңгээлге жеткенибиз эч кимге жаңылык эмес. Бул соода иши өлкө ичинде тымызын-ачык болуп келсе бир жөн, эми минтип башка өлкөлөргө да «Кыргызстанда баары сатылат» деген тоотпос жагдай жаратканы бетти кызартат.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg