3-июль күнү коомдук уюмдар жана укук коргоо органдары бирдикте Кочкор районунун Семиз-Бел айылында Бишкек-Торугарт жолун реконструкциялап жаткан «China road» кытай компаниясынын жумушчуларынын иштөө уруксатын текшерүү боюнча рейд жүрдү. Текшерүүдө кытай жарандары каршылык көрсөтүп, ал эки тараптуу кагылышууга алып келди. «Жаңы муун коалициясынын» лидери, коомдук активист Тимур Саралаевдин айтымында, милиция кызматкерлери уруксатсыз иштеп жүргөн деген шек менен кармаган 7 кытай жаранын бошотуп алуу үчүн 25 кытай улутундагылар укук коргоо органдарына күч менен каршылык көрсөтүшкөн.
Буга чейин коомдук активист, «Эркин эл» партиясынын төрагасы Мавлян Аскарбеков былтыр өкмөт 13 миң кытайлык жумушчуга расмий уруксат берсе, Мамлекеттик каттоо кызматы 101 миң кытай жаранына тийиштүү документ бергендигин айтып чыккан. Ал андан сырткары расмий эмес маалыматтарга таянып, өлкөдө 300 миңдей мыйзамсыз жүргөн кытайлыктар бар экендигин кошумчалаган.
Эске салсак, жыл башында, 8-январда Өзгөн районундагы Куршаб айылында жергиликтүү эл менен кытай жумушчуларынын ортосунда массалык мушташ чыккан эле. Өлкөдө Түркия, Иран, Пакистандан келип, жашап-иштеп жүргөндөр абдан көп экенин билдиришет коомдук активисттер.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg