Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда курулган 500 кВ кубаттуулуктагы «Датка» көмөк чордонунун ачылышы 3-июлда болуп өттү. Ачылыш азем президент Алмазбек Атамбаевдин, Кытай Элдик Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Даюй Цинин катышуусунда өттү.
«Датка» көмөк чордонунун жогорку чыңалуудагы чубалгысы Чүй аймагындагы курулуп башталуучу «Кемин» көмөк чордону менен байланыштырылат. «Кыргызстандын улуттук электр станциялары» ишканасынын башкы директору Медетбек Айткуловдун айтымында, «Датка-Кемин» электр өткөрүүчү чубалгысынын курулушу 2015-жылдын август айында бүтөт. «Датканын» ачылыш аземине барган өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев бул подстанциялар ишке кирсе, өлкөдө энергетикалык шакекче пайда болорун белгиледи. «Мунун баары жомоктой сезилчү. Буюрса, Кыргызстан күчтүү мамлекет болот. «Датканы» бүгүн ишке киргизгенибиз бул – ондогон жылдар бою кыштын чилдесинде жарыктын, жылуулуктун жоктугуна чыдаган миңдеген мекендештерибиздин, карапайым элибиздин чоң жеңиши»,- деди мамлекет башчы.
СССР кезинде Кыргызстандын ГЭСтеринен өндүрүлгөн электр энергиясы Өзбекстан, Казакстан аркылуу өлкөбүздүн түндүк аймактарына жеткирилчү. «Датка-Кемин» подстанцияларынын курулушу менен мамлекеттин түндүгүнө да, түштүгүнө да электр энергиясы өлкө ичинде бөлүштүрүлөт. Бул көмөк чордондордун курулуш ишине насыя берип көмөктөшкөн Кытай өкмөтүнө жана курулушка жардам көрсөткөн ТВEA компаниясынын жетекчилигине ыраазычылык билдирип өттү президент.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg