29-июнда Бишкек-Ош жолунда Жалал-Абад облустук прокуратурасынын тергөөчүсүнүн катышуусунда жол кырсыгы катталды. Окуя учурунда тергөөчү мас абалында болгондугу айтылууда. Ошондой эле кырсыктан каза болгондор жок экендиги, 3 адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага кайрылгандыгы тууралуу маалыматтар тарады. Жол кырсыгына кабылган Жалал-Абад облустук прокуратурасынын тергөөчүсү кызматынан убактылуу четтетилгенин 3-июлда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Бул окуя боюнча чогултулган материалдарды Сузак РИИБи облустук прокуратурага өткөрүп берген. Баш прокуратуранын билдирүүсүнө ылайык, териштирүүнүн жыйынтыгына жараша күнөөлүү мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.
Эми эң башкысы, «бармак басты, көз кыстыга» салып, ишти жаап коюшпаса эле болгону.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg