БАЛДАР АРАСЫНДА МЕНИНГИТ ООРУСУ КҮЧӨДҮ…

  • МУКАНБЕТ КАСЫМАЛИЕВ Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын төрагасы болуп шайланды.
  • 26-июнда Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Биринчи Май айылынын Улар-Отоо жайлоосуна чагылган түшүп, 355 БАШ КОЙ өлдү.
  • КУБАНЫЧБЕК ТУРДУБАЕВ «Түндүк электр» ишканасынын башкы директору болуп дайындалды.
  • Бишкекте 2-июлда Улуттук госпиталдын аймагында 150 орундуу урологиялык ооруларга чалдыккандарга жана көзү жабыркагандарга заманбап медициналык жабдыктар менен камсыздалган 6 кабаттуу республикалык илимий УРОЛОГИЯ БОРБОРУ ачылды.
  • Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси болуп МЕДЕТБЕК КЕРИМКУЛОВ шайланды.
  • 17-июнь күнү «ата журтчу» депутаттар боюнча соттук отурум өтүп жаткан Бишкек шаардык соттун имаратында судьяларга бут кийим, желим бөтөлкө, гезиттерди ыргытуулар орун алган баш аламандыкка байланыштуу КЫЛМЫШ ИШИ козголгонун ИИМден билдиришти.
  • БШКнын башчысы Туйгунаалы Абдраимовдун айтымында, ОШ ШААРЫНЫН мэрин шайлоо күнү президент түштүк борбордун статусу боюнча мыйзамга кол койгондон кийин аныкталат.
  • 3-июль күнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-президент Курманбек Бакиевдин жакын адамы, Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резерв агенттигинин мурдагы башчысы ПАЙЗУЛЛА РАХМАНОВДУ «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «массалык баш аламандык уюштуруу» беренелери менен 12 жылга эркинен ажыратты.
  • Кыргызстанда балдар арасында МЕНИНГИТКЕ чалдыккандардын саны өсүп, 14 жашка чейинки жалпы оорулуулардын 77, 2 пайызын түздү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
  • Кыргыз укук коргоо органдары тарабынан 2005-жылы эл аралык издөөгө жарыяланган экс-президент Аскар Акаевдин күйөө баласы АДИЛ ТОЙГОНБАЕВ үстүбүздөгү жылдын 28-июнунда Казакстандын Алматы шаарында кармалып, тил каттын негизинде кайра коё берилди.
  • Бишкек шаардык соту актаган депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун ишин ЖОГОРКУ СОТТО кароо 10 күндүн ичинде белгиленерин аталган ведомство 2-июлда билдирди.
  • Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Бишкекте 5 дүлөй-дудуктардан турган кылмыштуу топ тоноо фактысы менен кармалды.
  • ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, АКЫЙКАТЧЫ КЫЗМАТЫНА сынак жарыяланды. Сынак 15-августка чейин жүргүзүлүп, анын талапкерлигине парламенттик фракциялар, жарандар, саясий партиялар сунуштай алышат.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Zarema94
2013-07-08 16:58:15
менингиттен бир таанышым коз жумду. Мээге суу толуп, андан кийин 3эле саат жашады байкуш
0
kukolka
2013-07-10 15:11:02
Кудай баарыбызды ооорудан алыс кылсынчы
0
№ 557, 05-июль-11-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан