Президент Алмазбек Атамбаев «Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасындагы тил саясатын жакшыртуу чаралары» жарлыгына кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттан билдиришти. Жарлыкта кыргыз тилин өнүктүрүүгө арналган бир топ чаралардын топтому бар.
Негизинен, жарлыкта мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жумшалуучу каражатты эки эсеге көбөйтүү, «Пирамида» медиахолдингинин базасында «Маданият-Тарых-Тил» телеканалын ачуу, «100 инновациялык мектеп» программасын ишке киргизүү каралган.
Ошондой эле А.Атамбаев Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигине 2013-жылы
2,5 миллион сом жана 2014-жылы 4,5 миллион сом бөлүп берүүнү тапшырды. Каражат мамлекеттик тилди өздөштүрүү деңгээлди аныктоочу «Кыргызтестти» иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча иш-чараларды реализациялоого жумшалмакчы. Ага ылайык, 2015-жылы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында сынак жүргүзүлөт.
«Мамлекеттин бардык билим берүү мекемелеринде кыргыз тили окутулганы менен, анда улуттук тили болбогон жарандардын ондон бир бөлүгү гана кыргыз тилинде сүйлөй алат. Бул коомчулукта мамлекеттик тил саясатын жакшыртуу зарылчылыгы тууралуу курч талкууларды пайда кылууда»,- деп айтылат президенттин жарлыгында.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg