Баткен облусунун Лейлек районунда «14 жаштагы кызды милиция кызматкерлери зордуктаган» деген кабар 3-июлда коомчулукка тарады. Жабырлануучу кыздын айтымында, милиция кызматкерлери 2012-жылы 12-декабрда күч колдонуп жыныстык катнашка барышкан. Ал кезде кыз орган кызматкерлерине арыз менен кайрылган эмес. Учурда анын 7 айлык боюнда бар экендиги жана ооруканада жаткандыгы айтылууда. Жабырлануучунун айтымында, тартип коргоо кызматкерлери ушул күнгө чейин «бирөөгө айтсаң өлөсүң» деп коркутуп келишет.
8-класста окуган бул кыз ушул айдын башында гана арыз жазды. Аны менен сүйлөшүүгө ооруканага барган Баткен облусундагы аймактык кабарчыбыз Бегайым Тажибай кызына жактоочусу: «Ал өтө эле жаш кыз, андыктан өзүн жоготуп коюшу мүмкүн»,- деп жолуктурбай койгон. Башка маалымат берүүдөн баш тарткан жактоочу сот иши жабык өтөрүн айткан. Бул иш боюнча учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg