Төмөндө сөз болчу индия тасмасында адамдардын бири-бирине болгон мамилеси, таарыныч, кечиримдүүлүк, дегеле турмуш чындыгы чагылдырылат. Индия кинолору ый менен коштолору баарыбызга маалым. «Ким билет, таң атабы, жокпу?» деп аты айтып тургандай, бул философиялык мелодрама ыйлатып гана тим болбостон, кейип, жашоодон үмүт үзгөн адамды терең ойлонтуп, позитивдүү өмүр сүрүүгө үндөйт.
Жанры – Мелодрама
Режиссёру – Никхил Адвани
Сценарийдин автору – Каран Жохар
Башкы ролдордо – Аман Махтур (Шахрух Хан), Нэйна Катрина Капур (Прити Зинта), Рохит Пател (Саиф Али Хан) жана башкалар
Чыккан жылы – 2003-жыл, 27-ноябрь
Бюджети – 5 миллион 54 миң доллар
САИФ АЛИ ХАН
Туулган жылы, күнү – 1970-жыл, 16-август
Туулган жери – Индия, Нью-Дели шаары
Бою – 175 см
Салмагы – 80 кг
Сара аттуу кызы, Ибрахим деген уулу бар
ШАХРУХ ХАН
Туулган жылы, күнү – 1965-жыл, 2-ноябрь
Туулган жери – Индия, Нью-Дели шаары
Бою – 171 см
Салмагы – 76 кг
Үй-бүлөлүү, Арьян деген уулу, Сухана аттуу кызы бар
ПРИТИ ЗИНТА
Туулган жылы, күнү – 1975-жыл, 31-январь
Туулган жери – Индия, Шимла шаары
Бою – 163 см
Салмагы – 52 кг
Учурда Несс Вадиа аттуу актёр менен жакын мамиледе
СҮЙҮҮ ҮЧ БУРЧТУГУ
Тасмада Нью-Йоркто жашаган индус үй-бүлөсүнүн турмушу чагылдырылган. Башкы каарман Нэйна Катрина Капур дайыма жашоодон тажагандай түр көрсөткөн, кабагы ачылбаган кыз эле. Анын мындай мүнөз күтүшүнө атасынын өзүн-өзү өлтүрүшү, баспаган иниси, жакыр турмушу себеп болгон.
Жесир калган Женниферге балдарын жалгыз тарбиялап-өстүрүүгө, бир жагынан кайненеси Лажонун каарына чыдоого туура келет. Кайненеси уулунун өлүмүнө келинин күнөөлөп, басса-турса тынчтык бербей жерий берүүнү адат кылып алат. Анткени Женнифер бир кыз, бир уулунан кийин күтүүсүздөн дагы бир кыз багып алган күнү күйөөсү каза болуп калат. Лажо ал кызды кара жолтой санап, келинин жек көрүп уруша бергени да ушундан улам эле. Кызыгы, кийин ошол бакма кыз Лажонун өз небереси болуп чыгат. Башкача айтканда, уулу башка аялдан кыздуу болуп, аны Женнифер багып алганы, баласы үй-бүлөсүнүн ишеничин актабай, жашоодон жаңылганы үчүн өз өмүрүнө кол салганы билинет.
Тасма башкы каарман Нэйнанын сыноолорго, кыйынчылыктарга, сүйүүгө кабылышы менен өнүгүп отурат. Тагыраак айтканда, атасынын өлүмү, чоң апасы менен апасынын тиреши, бул үй-бүлө иштетип, күнүмдүк кем-карчын жаап турган кафенин кирешесинин азайышы Нэйнанын жашоосуна болгон нааразычылыгын күчөтөт. Аны алаксыткан нерсе окуусу жана досу Рохит болгон.
Күндөрдүн биринде Нэйна кошунасынын үйүнө келген Аман деген жигит менен таанышып калат. Ал байкесиникине конокко келген эле. Аман Нэйнанын үй-бүлөсү менен таанышып, дос болгондон тарта алардын жашоосунда жакшылыктар орун алып, киреше кире баштайт. Көп өтпөй Нэйнанын Аманга болгон сүйүүсү ойгонот. Ошентип, Рохит-Нэйна-Аман сүйүү үч бурчтугу жаралат. Анткени Рохит да кызды абдан сүйчү. Бирок Аман жүрөк оорулуу болгондугуна байланыштуу сүйүүсүн ичине катып, Рохит менен Нэйнанын бирге болушуна бүт аракетин жумшайт. Амандын мындай аракети натыйжасын берип, экөө баш кошуп, бактылуу үй-бүлөгө айланышат. Ал эми Аман «Нэйна, сени тиги дүйнөдө да сүйүп жүрөм» деп сөз берип, жарык дүйнө менен кош айтышат.
«ШАХРУХ ХАН МАГА ЖАРДАМ БЕРДИ»
«Тасманы тартуу иштери Нью-Йоркто жүрдү» делингени менен, кайсы бир кадрлары Торонто шаарында тартылганы тасма жарыкка чыккандан соң белгилүү болгон. Анткени башкы ролдогу актёр Шахрух Хан жеке бизнесине байланыштуу аталган шаарда убактылуу жашап жаткан. Анын айынан тартуучу топ, актёрдук курам, жалпысынан 200 адам Торонтодо эки ай күн кечиришкен.
Прити Зинта тартуучу топту абдан убарага салганын айтат тасманын режиссёру Никхил Адвани. Бул тууралуу анын: «Карина Капур гонорарды аз деп тартылуудан баш тартканда эле акчасын көбөйтүп, ынандырсам болмок экен. Прити бир кадр менен тарта турган бөлүктү беш жолу кайталап тарттырып айланы кетирди»,- деп нааразы болгону бар. Прити өзү да бул кемчилигин моюнуна алып: «Кыймылым, мимикам жакпай, айтор, режиссёрду абдан кыйнадым. Аталган тасмадагы менин эң башкы жардамчым Шахрух Хан болду. Кинодо мага «Нэйна, эч качан кабак бүркөбө, дайыма күлүп жүр. Антпесең, ким билет, эртеңки күнгө жетебизби, жокпу?..» деп мени жашоого үмүттүү кароого үндөп, жардамын аяган жок»,- деп Шахрухту баса белгилеген.
Тасмада анча-мынча мүчүлүштүктөр кетсе да, кино сынчылар, эл тарабынан мыкты деп бааланып, Прити дал ушул ролу үчүн «2003-жылдын мыкты актрисасы» наамына татыган. Кызыгы, Нэйнанын апасынын образын жараткан актриса Жайа Баччан ушул тасмадан соң «мындан ары бир дагы киного тартылбайм» деп айткан.
АМЕРИКАЛЫКТАР РЕЖИССЁРГО НЕГЕ КАПА БОЛУШКАН?
Ооба, чындыгында эле америкалыктар нааразы болуп, ал тургай бул тасманын АКШда сатыкка чыгуусуна каршы болушкан. Себеби эмнеде дейсизби? Тасмада Нэйнага сүйүктүүсү Аман «кардарлар киргенде Индияга келгендей таасир алсын» деген максатта кафени улуттук стилде жасалгалоону айтат. Алар кафеде илинип турган Американын желегин алып, ордуна Индиянын туусун илдирген кадры бар. Тасма жарыкка чыгып, элдин сынынан өткөндө америкалыктар «Индустар биздин өлкөдө кино тартып, анан калса ушундай пастыкка барганы – чектен ашкандык. Кино Америкада сатыкка чыкпасын. Акыркы күндөрү индия тасмалары баркын жоготту» деген сындарды айтып, талаптарды коюп, режиссёрго нааразы болушкан. Ошондон улам тасма жаратуучулар бул фильмдин бет ачарын Германияда өткөрүп, сатыкка чыгуусуна да ушул өлкө макулдугун берген.
КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
Асел Асанова
star@super.kg