Америкалык белгилүү актриса жана ырчы Жессика Симпсон 30-июнда жолдошу Эрик Жонсонго балканактай уул төрөп берип, дагы бир милдетинен кутулду. Алар уулуна Эйс Кунт деген ысым ыйгарышты. Эске салсак, мындан бир жыл мурун бул түгөйлөр Максвелл аттуу кыздуу болушкан эле. Минтип удаа балалуу болушкан эки жаш азырынча никесин мыйзамдаштырыша элек. Анын себебин жубайлар ырчынын биринчи төрөтүнөн кийин толуп кеткени жана кайрадан боюнда болуп калганы менен түшүндүрүп келишет.
Дамира Арстанова
star@super.kg