Белгилүү ырчы жана актриса Женнифер Лопес 29-июнда Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун туулган күнүнүн урматына уюштурулган концертке катышып, аны «Туулган күнүңүз менен, мистер президент!» деген ыры менен жыйынтыктаган эле. Анын бул концертинен соң укук коргоочулар ырчы диктатордук режимди колдоп, өз репутациясын түшүргөнүн айтып чыгышты.
Алар «Бул өлкөдө дагы да болсо авторитардык режим өкүм сүрөт. Лопес эл аралык укук коргоо уюмунун мүчөсү болгондон кийин минтип акча таппай эле койсо болмок» дешкен. Ал эми ырчы «чынын айтсам, мен бул өлкөдө адам укугу чектелүү экенин билген эмесмин, анан да сүйлөшүүнү өкүлдөрүм жүргүзгөн эле» деп күйөрмандарынан кечирим сурады.
Белгилей кетсек, аталган концерт Түркмөнстанга кызыкчылыгы бар Кытай улуттук нефти-газ корпорациясы тарабынан уюштурулган эле.
Дамира Арстанова
star@super.kg