Жакында эле маалымат булактарында Орусиянын примадоннасы Алла Пугачёва менен Максим Галкиндин катуу араздашканы тууралуу айың тарап, буга куудулдун көптөн бери ала жипти аттап жүргөнү себеп экени да айтылган. Бул жаңылыкка экөө тең эч кандай комментарий беришкен эмес. Ошентсе да журналисттер жаңжал чыккан мейманканадан чыгып келаткан Алладан таң каларлык жооп алууга жетишишиптир. Ырчы: «Мени буга чейин эч ким мынчалык капа кылган эмес. Мен аябай капамын. Мага тынчтык керек. Сураныч, мени жайыма койгулачы?!»- деп жооп берген. Бул чырдан соң жубайлар эки башка багытка жөнөп кетишкени да айтылат.
Дамира Арстанова
star@super.kg