Салтанаттуу кечелерди майын чыгара алпарган Нурзат Токтосунова 2-июль күнү өздүк майрамын белгиледи. «Туулган күнүмдү жылда өткөрүү мен үчүн салт болуп калган. Быйыл мурункулардан өзгөчө кылып үйдө өткөрүп жатам. Себеби «жатып калам» дегени бар дегендей. Туулган күнүмө мен үчүн кымбат, «адам» деген атка татыктууларды чакырдым. Кесиптештеримдин улууларын биринчи күнү меймандап, сулууларын экинчи күнгө калтыргам. Анткени эки муун түшүнүшпөй калбасын дедим»,- дейт кеченин күнөөкөрү. Нурзат баарына «мен гүл жакшы көрөм» деп кулак кагыш кылып койгонбу, айтор, үйү ар түрдүү гүлдөргө жайнаптыр. Анан да арасынан өзгөчө бир кучак роза көзгө дароо илинди. Кыязы, күйөө бала берген өңдүү.