«Мен дагы деле соттошуп бүтпөй жүрөм» деп кебин баштады «Кызыл өрүк» ырынын автору Мирлан Алыкулов. Бул ирет режиссёр Эрнест Абдыжапаровду сотко бергенин айтат. «Себеп режиссёр «До+Фа» тасмасында менин ырымды шылдың катары колдонгонунда. Ырдын автору жок болсо бир жөн. Мен бар туруп бир ооз сурап койбой тасмасына кошуп алганына жиним келди. Ырдын обонун бузуп ырдап, аны болсо Мирбек Атабеков сыяктуу ырчылар сындап жатышат. Ошондуктан бул кылыгы үчүн Эрнест Абдыжапаровду Бишкек шаардык сотуна бердим. Ал эл алдында менден кечирим сурасын»,- дейт. Бул боюнча режиссёр Эрнест мырзага кайрылганыбызда, ал: «Мирландын сотко кайрылганын сизден угуп жатам. Чынында, ырды шылдыңдабай эле популярдуу болуп жатканынан улам тандап алганбыз. Мейли, сотко кайрылса кайрылсын, эгерде күнөөм тастыкталса, жазамды алууга даярмын. Бирок автор тараптан түшүнбөстүк кетип жатат, ойлонуп көрсө болмок, бул ыр жакшы ниет менен эле тандалган. Жадакалса менин тасмамды бардык журт көрөт...»- деп билдирди.
Эске салсак, Мирлан Алыкулов бул ыры үчүн Мирлан Баековду да сотко берген. Андан сырткары казак ырчысы Акылбек Жеменейди «Кызыл өрүктү» менин уруксатымсыз ырдап жатат» деп айыптап, «элчилик аркылуу эл аралык сотко бергени турам» деген эле. А бирок бир гезитке арызданып чыкканы менен кайра дым болуп калган. Бул жолу иш кандай уланат, аны да көрөрбүз.