Атактуулардын ар бир кадамы көз жаздымда калбайт эмеспи. КРнын Эл артисти Гүлнур Сатылганова интернеттеги жеке баракчасына уулу Арнастын үн жаздыруучу студияда ыр жаздырып жаткан сүрөтүн илди. «Алма сабагынан алыс түшпөйт» демекчи, ырчынын уулу да бул чөйрөдө өзүн сынап көргүсү келип жүрбөсүн деп Гүлнур айымга кайрылдык. Ал «уулум чынында ырга жакын, гитарада ойнойт. Белгилүү музыкант Денис Колючийге бат-бат барып турат. Мектептеги кечелерде да обон созуп коймою бар эле. Бирок Арнас ырдап чыгам деген оюн айта элек» деди. Эгер Арнас чыгармачылыкка киришем десе, бир топ эле ийгилик жаратмак болуш керек. Анткени «фундамент» жакшы эмеспи.