Ырчы Фатима Султанова атын өзгөртүп жиберди. «Мен эгиздин түгөйү элем. Эгизим Зуура кичинесинде эле чарчап калгандыктан, атам мени документке Фатима деп жаздырып койгон. Айылдагылар Батма деп чакырышчу, шаарга келгенде Фатима аталып алдым. Чыгармачылыкка аттанганда да документтеги атым менен чыгып алыпмын. Кийин ойлонсом, бекеринен эгиздерге уйкаш аттар коюлбаса керек. Ар бир ысымдын өзүнчө мааниси, адамды колдоочу күчү бар эмеспи. Ошондуктан мындан ары Батма деп чыгууну туура көрдүм. Бул жөн гана жаңылануу эмес, аны менен кошо өзгөчө нукура кыргызча чыгармачылыгымды чагылдыргым келди»,- дейт ырчы айым.